Мындай операция учурунда айрым бейтаптар медиктер менен сүйлөшүп отурса, кээ бири мультфильм көрүшөт. Ал тургай операция болуп жатканда скрипкада ойногондор да болгон.
Италияда дарыгерлер 60 жаштагы аялдын баш мээсинин сол жагындагы шишикти алгыча бейтап 90 жашыл зайтунду (олива) кууруганга даярдап койгон. Бул тууралуу ВВС маалымдады.
Билдирмеге ылайык, заманбап медицина мындай операцияларды наркозу жок эле ультраүндүн жардамы менен жасап койгонго жол ачкан.
Мээнин айрым бөлүктөрү кыймыл-аракет, сүйлөө, көрүү, эс тутум үчүн жооп берет. Аларга операция жасоо учурунда залакасы тийип калбаш үчүн дарыгерлер бейтапты жатпай, ойгоо отуруп турууну суранышат. Ошондой эле операция убагында бир нерсе менен алек болууга да кеңеш беришет.
"Мындай жол менен бейтаптын абалын көзөмөлдөп турабыз. Мээсине операция жасоо менен бирге анын кыймыл-аракетин да байкайбыз", — деди нейрохирург Роберто Триньяни.
Операция учурунда айрым бейтаптар медиктер менен сүйлөшүп отурса, кээ бири мультфильм көрүшөт. Ал тургай операция болуп жатканда скрипкада ойногондор да болгон. Буга чейин кулинария менен эч ким алектенген эмес. Зайтунду бейтап бир сааттын ичинде жасап койгон.
Ал эми операция эки жарым саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаганы маалым болду.
Хирург Роберто Триньяни 11 дарыгери менен бир нече жылдан бери мындай операциянын 60тайын жасаган.