Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу макулдашылган.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өкмөттөн маалымдашты.
Ага ылайык, сүйлөшүүдө кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал жана аны ачуу маселеси талкууланган.
"Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу, ошондой эле казак-кыргыз чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү үчүн эки жактуу макулдашуу болду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттер, COVID-19дан калкты коргоо үчүн тараптар көргөн чаралар жана кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Буга чейин "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында Казакстан тарапка фуралардын кире албай, бир нече күндөп токтоп калышы боюнча кыргыз-казак тараптан пикирлер айтылган.
Биринчилерден болуп вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып, абалды көргөндөн кийин үн каткан. Ага Казакстан жообун берип, бирок буга Кыргызстан таң калгандыгын билдирген. Ал эми жакында эле эки мамлекеттин ТИМ жетекчилери сүйлөшүп, маселе ЕАЭБ алкагындагы эрежелердин негизинде иштеши керектиги тууралуу сүйлөшкөн.
sputnik