Кадамжай: чек арадагы чатакта ооруканага түшкөн киши каза болду

10 июня 2020 Кадамжай: чек арадагы чатакта ооруканага түшкөн киши каза болду

Айтбай Акынов Айдаркен шаардык ооруканасына 31-майда жеткирилип, кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Кадамжай районунун Чечме айылында чек арадан чыккан чатакта кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн жергиликтүү тургун Айтбай Акынов бүгүн, 10-июнда, каза тапты. Бул маалыматты облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

"49 жаштагы Акынов эки уул, бир кыздын атасы болгон. Чыр-чатак учурунда жабыр тартып, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Дароо Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө 10 күндөн бери жаткан. Тилекке каршы, 10-июнга караган түнү ооруканада каза болду", —  деп кабарлаган маалымат кызматы.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Анын эртеси биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолуккан.

Андан көп өтпөй интернет айдыңында "Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды" деген маалымат тараган.

sputnik