Аксыда мөндүр айыл чарба өсүмдүктөрүн талкалап кетти. Сүрөт, видео

10 июня 2020 Аксыда мөндүр айыл чарба өсүмдүктөрүн талкалап кетти. Сүрөт, видео

Дыйкандар айыл жериндеги жемиштердин мөмөсүн мөндүр күүп кеткендигин, алыс болгондуктан эгин талааларына жете албай жаткандыктарын айтышты.

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Дөбө, Күлүк, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Чарбак жана Өлөң-Булак айылдарына 9-июнда жааган жамгыр аралаш мөндүр мөмө-жемиш менен эгинге зыян келтирди. Бул туурасында Ак-Дөбө айылынын тургуну Бакыт Абдыкалыков билдирип, ӨКМ аны тастыктады.

Абдыкалыковдун айтымында, айыл жериндеги алма жана кара өрүктүн мөмөсүн мөндүр күүп, жерге түшүрүп салган. Картошка да жараксыз абалга келген.

Кербен шаарындагы Ак-Дөбө участкасынын тургуну Нурболот Мамбеталиев 3 гектар жерге отургузган жашылчалардын өсүп келе жаткан көчөттөрүнүн баарын мөндүр талкалап кеткенин кабарлады.

telegram. Видео

"Күтүүсүздөн жамгыр башталып, мөндүргө айланды. Көлөмү куруттан чоңураак болчу. Талаадагы жүгөрү, күн карама жемиштердин баарын талкалап кетти. Арпа алысыраакта эгилгени үчүн аны барып көрүүгө шарт жок. Дыйкандардын баары чыгымга учурады", - деди Мамбеталиев.

Ак-Дөбө айылынын калкынын саны 3000ден ашуун адам.

ӨКМ 9-июнда кечке жуук жааган мөндүрдүн кесепетинен Кербен шаары менен Кашка-Суу айыл аймагындагы айдоо аянттарына зыян болгонун жана чыгымды тактоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатканын билдирген.

sputnik