Актёр Марат Жантелиевдин сөөгү кайда качан коюлары айтылды

10 июня 2020 Актёр Марат Жантелиевдин сөөгү кайда качан коюлары айтылды

Актёрдун сөөгү Бишкектеги "Учкун" кичи районундагы өз үйүнөн чыгат. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына бийлик, маданият өкүлдөрү катышары маалым болду.

Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү 11-июнда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркум иштеген Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Темирлан Сманбеков билдирди.

Анын айтымында, актёрдун сөөгү Бишкектеги "Учкун" кичи районундагы өз үйүнөн чыгат.

"11-июнда 9:30да актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. КР эмгек сиңирген артистин акыркы сапарга узатуу зыйнатына бийлик, маданият өкүлдөрү катышат", — деди Сманбеков.

Ал Жантелиевдин боор, бөйрөгү көптөн бери ооруп жүргөнүн айтып, артында бир уул, эки кызы калганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандагы белгилүү актёр, "Бопуш" деген ат менен белгилүү болгон талант Марат Жантелиев кечээ, 9-июнда, ооруканадан үзүлгөн. Ал 59 жашта болчу.

Марат Жантелиев Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип келген.

Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.

sputnik