Чаткалдын акими кытайдын диверсантыбы???

23 ноября 2018 Чаткалдын акими кытайдын диверсантыбы???

Кытай фирмасы куруп берген бул мектептин куну ото оор болот жалпы Кыргызстан учун. Бул туурасында журналист Тынчы Атбашингтони  фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Чаткалдын акими кытайдын диверсантыбы???

"Кытай фирмасы куруп берген бул мектептин куну ото оор болот жалпы Кыргызстан учун. Себеби, "Кичи-Чаарат" фирмасы уу калдыктарды сактоочу жайын бардык экологиялык нормаларды бузуп, КРнын мыйзамдарын бузуп жатып Чакмак-Суу сайына куруп койду. Борбордук жана жергиликтуу бийлик хвосттун алдында калган 58 кг алтынга коз жумуп, аталган фирма лицензияны мыйзамсыз алганына карабай бутундой чаткалдыктарды садага чаап салып "Кичи-Чаарат" курган фабриканы декабрь айында ишке кирет деп шымаланып кутуп жатышат. Абылгазиев барып кызыл лентасын кесет. Кумтор бюджетке бербей калган салыкты ушлар толтурат деп умут кылып олтурушат. 


Садага чапты дегеним, уу калдык сактоочу жайдын алдында булактар калды. Кокустук болсо уу калдыктар жер алдындагы суулар аркылуу агып чыгып, бутундой ороондун жаратылышына, жан-жаныбарына зыян тийгизет. Ал эми Чаткал дарыясынын трансграничный дарыя деген макамын эске алсак, Озбекстан эл аралык нормаларга таянып Кыргызстанга чон экологиялык доомат койгонго шарт тузулду..."-деп жазат Абдыжапар Нурдинов.

Демек, бул жерде чоң шалаакылык эле эмес, атайын улутка диверсия болушу да мүмкүн...

Болбосо, булактын үстүнө, сайдын нугуна уу калдыктарды сактоочу жайды кайсыл жергиликтүү чиновник курдурат?

Ошондой эле жаратылышы аялуу делген коруктардын аймагын алтынга ко́зүн кызарткандарга кесип бергени кайсы мыйзамга сыят?

Бирок, биз качан жазбайлы, бу Ала-Бука менен Чаткалдагы алтын кендер маселесине борбордук бийлик реакция кылып, маани бербей отурат. Шектүү. Оозбасырык алып койгондой түр жаратышууда. Мисалы, азыр АКСтин атайын текшерүүчүлөрү Чаткалда. Бирок, алар тээ 2015тен аркы документтерди тырмалап, акимчиликтин азыркы мыйзам бузуу аракеттеринен кыйгап турганын уктум. Демек, аларды бараары менен түн теңине чейин коноктогон аким Канжарбек Эшалиев "сыйкырлап" койсо керек...

 

Шилтеме: Тынчы Атбашингтони