Бишкек шаарында тургундар "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтышып, коронавирустан шектенип медиктерге өздөрү кайрылган учурлар болгон.
Бишкек калаасындагы "Орто-Сай" базары коронавирус кооптуулугунан дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова шаардык кеңештин отурумунда айткан.
Бийлик борбордун жашоочуларын базарга барганда беткап менен кол капты сөзсүз кийүүнү эскертип жатат.
"Бүгүн "Орто-Сай" дезинфекциялоо жана шаардагы тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бизге өздөрү кайрылган жарандардын көбү аталган базарга баргандыгын айтышты", — деди Кузнецова.
Вице-мэр Бишкек шаарынын тургундары медиктерге өздөрү коронавирустан шектенип кайрылган учурлар болгонун жана "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтышканын билдирди.
Эске салсак, бүгүн ресупбликалык штабдын жыйынында да жарандар COVID-19ду кайдан жугузуп алганын билбей калып жатканы кабарланды.
Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар экендиги айтылган.
2020-жылдын 9-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 055ке жетти. Буга чейин жалпысынан 1483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.