9 июня 2020
Учуп келген бардык жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Стамбул — Бишкек чартердик каттамы менен Түркиядан 328 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Кыргызстандыктарды "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы алып келди.
“Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат”, - деп айтылган маалыматта.
Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылууда.