Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге Пекин убадалаган эки миллиард доллар тууралуу да айтты.
Кытайдын өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам өнүгүп келе жаткан 77 өлкөнүн карыз төлөмүн алууну токтотту. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюйдун айтымына таянып кабарлаган.
Билдирмеге ылайык, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй карыз боюнча маселени Кытай мамлекеттик кеңешинин маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
"Кытай G20 өлкөлөрүнүн карыздарды тейлөө төлөмүн токтотуу демилгесине активдүү катышкан. Азыркы учурда өнүгүп келе жаткан 77 мамлекеттен карызды өндүрүүнү токтотуу жарыяланды", — деди министрдин орун басары.
Ал коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге Пекин убадалаган эки миллиард доллар медициналык каражат алуудан тышкары мамлекеттердин экономикасын кайра калыбына келтирүүгө жана маанилүү делген социалдык программаларды ишке ашырууга жумшаларын кошумчалады.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын видеоконферециясында Кытай элинин башчысы Си Цзиньпин коронавирустан жапа чеккен өлкөлөргө эки миллиард доллар бөлүнөрүн айткан. Бирок ал каражат кандай бөлүштүрүлөрү маалымдалган эмес.
"Бул үчүн биз чет элдик өнөктөштөр менен, биринчи кезекте, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен консультацияларды жүргүзүп жатабыз. Алар менен кытай тарап материалдык жактан колдоп бере ала турган конкреттүү долбоорлор макулдашылып жатат. Ал долбоорлор саламаттык сактоо тармагына, жакырчылык менен күрөшүү жана элди камсыз кылууга багытталат", — деди дипломат.
Апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик берүүсүн өтүнгөн.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 миллиард доллардын тегерегинде. Анын 1,8 миллиарды Кытайга туура келет.