Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

3 июня 2020 Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

Европарламенттин Ирландиядагы депутаты Люк Флэнаган видеоконференция учурунда кесиптештеринин алдында адаттагыдан башкача чыккан.

Европарламент бул учурда айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн талкуулап жатканын The Guardian жазды. Кеп кезеги келген Флэнаган эфирге көйнөкчөн, бирок шымы жок пайда болгон. Төшөктүн үстүндө отуруп сүйлөп жаткан депутаттын анда-санда жылаңыч буттарын кармалап, сылап коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

Кадрдан кесиптештери күлкүсүн кыйынчылык менен тыйганын байкоо кыйын деле эмес. Ал докладын бүткөндөн кийин комитет жетекчиси жылмайган тейде, ыраазылыгын билдирген.

Парламентарий шымы жок экени парламенттегилерге көрүнүп калгандыгын билгенден кийин, буга маани беле бербегендигин айткан.

sputnik