Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

3 июня 2020 Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылган. Андыктан бул учурда адамдардын өзгөчө этият болушу керектиги эскертилди.

Бүгүн жана эртең тоолуу, ошондой эле тоо этектериндеги райондордо күндүн ысышынан улам сел жүрүшү мүмкүн. Бул маалыматты Кыргызгидромет таратты.

"2020-жылдын 3-4-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күндүн ысышына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт" , — деп айтылган маалыматта.

Мындан улам тиешелүү тараптар жарандарды этият болууга чакырды.

sputnik