Бишкектеги соода борборунун жанындагы питон: жылан кайдан келгенин түшүндүрүштү

2 июня 2020 Бишкектеги соода борборунун жанындагы питон: жылан кайдан келгенин түшүндүрүштү

Интернетте Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанындагы бакчада питон сойлоп жүргөн видео тараган.

t.me. Видео

Ал интернет колдонуучулар арасында бир топ талкуу жаратып, шаарда мындай жылан кантип эркиндикте жүргөндүгү боюнча ар кандай божомолдор айтылган.

Көп өтпөй жылан ал жерде кандайча пайда болгонун жаныбарга ээлик кылган зоопарк түшүндүрүп берди.

Көрсө, сойлоп жүрүүчү жаныбарды соода борборунун ичинде жайгашкан зоопарктын кызматкерлери сейилдөөгө алып чыккан экен.

“Күн жылуу кезде жаныбарларды сыртка чыгаруу керек. Көпчүлүгүн тоого атайын жайларга жеткиребиз. Мүмкүн болбогондорду бул жактан сыртка алып чыгабыз. Бирок баарын эмес, кескелдирик, енот, майда жылаандарды гана”, — деп айтылган билдирүүдө.

Бирок аларды дайыма кызматкерлер көзөмөлдөп турары кошумчаланган.

sputnik