Орто Азиянын электр энергиясы

23 ноября 2018

Орто Азиянын энергетикалык тармагы, транспорттук тармак сыяктуу эле бир кылка өнүккөн эмес. Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын салыштырмалуу өз алдынча системасынны фонунда аз дегенде элүү жылга созулган энергетикалык таңкыстыкты башынан кечирип келет.

Буга нерсе факторлор таасир этет: жаңы иштеп чыгуучу кубаттулуктун жоктугунда колдонуунун өсүүсү; өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө энерго жогорууларды көбөйткөн жабдуулардын эскирүүсү; зарыл болгон инфра түзүмдүн жоктугунан энергиянын альтернативдүү булагынын колдонуу мүмкүндүгү жана анын курулушуна каражаттын жоктугу.

Кыргызстан менен Тажикстандын энергетика тармагында узакка созулган негативдүү динамика экономиканын өнүгүүсүн токтотуп турган факторлордун бири болуп саналат. Өлкөлөр жетиштүү көлөмдө үзгүлтүксүз электр эенргиясы менен камсыз кыла алышпайт, бул өндүрүштүн көлөмүн чектейт, бизнес-активдүүлүккө, технологиялардын өнүгүүсүнө, билим деңгээлине, саламаттыгына жана коопсуздукту камсыз кылуусуна негативдүү таасир этет. Мына ушул негизги позициялар боюнча пландуу начарлап бараткан көрсөткүч өлкөнү сырткы каржылык басымга көз каранды болууга алып келиши жана каттчылыктан чыгуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн тобун кыскартышы мүмкүн.

Региондун масштабында энергетикалык тармактын бир кылка эмес өнүгүүсү экономикалык өнүгүүдөгү ажырымды көбөйтөт, регионалдык долбоорлордун ишке ашуусуна олуттуу таасир тийгизет. Энергетика жетишсиз өлкөлөр соода, индустриалдык, логистикалык жана башка экономикалык долбоорлордун потенциалык менен толук кандуу пайдалана албайт.

Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы

Жеке бирдиктүү энергетикалык системаны куруу региондун өлкөлөрүнүн алгачкы эгемендик жылдарындагы табигый кадам болуп калды.бул кымбат турган жана узакка созулган иш-чаралар сөзмө-сөз төмөнкүлөрдү түшүндүрчү: иштеп чыгуучу кубаттуулктарды өстүрүү, болгон отун-энергетикалык комплекстин түзүмүн түрдүүлөштүрүү, бардык өлкө боюнча ишканаларга жана керектөөчүлөргө электрэнергияны (ЭЭ) жеткирүү системасын калсыз кылуу зарылдыгын.

Мындай системасы СССР учурунда бар болчу. Региондун беш өлкөсү Борбор Азиялык Энергетикалык системаны түзгөн, ал электр энергиясынын таңкыстыгынан качууга жардам берген, региондун иштеп чыгаруу кубаттуулугун тең салмакта кармап турган. Ошондой эле, система ар бир өлкөнүн географиялык жана геологиялык өзгөчөлүгүн пайдалануунун эсебинен ЭЭнин баасынын төмөндөшүнө алып келген, Кыргызстан менен Тажикстанга гидроэлектростанциялар (ГЭС), Өзбекстан менен Тажикстанга газ же Казакстандагыдай катуу отун менен иштеген жылуулук электростанцияларын (ЖЭС) курушкан. 

СССР кулагандан кийин системасы кайсы бир деңгээлде энерция боюнча иштеген, анткени альтернатива жок болгон. Алар пайда болгон учурда энергошакек жок болгон. Алгач Казакстандын энергосистемасы бөлүнүп кеткен, кийин андан 2003-жылы Түркмөнстан, андан кийин 2009-жылы Өзбекстан кеткен.

Региондогу ресурс жана басым үчүн күрөшүү этабы башталган. Өлкөнүн сырткы саясий мамиелелри курчуган учурда оппоненттерине басым жасоо куралы катары энергетика маселелринин түрдүү аспектилерин колдонушкан. Мисалы, географиялык жактан Борбор Азия дарыяларынын агымынын жогору жагында турган Кыргызстан жана Тажикстан маал-маалы менен Өзбекстан менен Казакстандын суу алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп келишкен. Бул албетте, Өзбекстандын Кыргызстанга газ берүүсүн токтоткондон кийин көрүлгөн кадамдар, ал эми Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу энергиянын транзитин токтотуу менен коркуткан.

Мындай окуялар кайталанышы мүмкүн. Региондо энергия жеткирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгү коңшу өлкөлөргө басым жасоо үчүн олуттуу рычаг бойдон калууда. Борбордук Азиянын бир дагы өлкөсү толук энергетикалык коопсуздукту камсыз кылган эмес.

Региондо электр энергиянын жетишсиздги көйгөйү чечүүдөн алыс. Бирок, өлкөлөр акырындык менен Борбор Азияда биридиктүү энергетикалык мейкиндикти жана рынокту калыбына келтирүү зарыл экенлигин түшүнүүгө бара жатышат.

Региондун энергетикалык коопсуздугун кепилдеген ушул ири долбоорду ишке ашыруу үчүн бир нече маселени чечүү керек: иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды түзүү, энерго тармактардын колдонуудагы инфра түзүмүн куруу жана калыбан келтирүү.

Азыр бир гана Казакстан менен Түркмөнстанда ашыкча электр энергиясы бар. Башка өлкөлөр – Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан маал-маалы менен же туруктуу таңкыстыкты башынан кечирип келет.

Борбор Азиянын өлкөлөрүндө электр энергияны иштеп чыгуу түзүмү төмөнкүдөй: Казакстанда мурункудай эле иштеп чыгуучу кубаттуулуктардын чоң бөлүгү көмүр жагууга багытталган – 85,5% (дагы 8,9% электрэнергияны ГЭС иштеп чыгат, 5,2% - ГТЭС жана 1%дан азыраагы жаңыланып жаткан булактарга туура келет), Өзбекстанда 67% электроэнергия ГТЭСке туура келет (19,2% көмөр жагуучу ЖЭСке, 13,3% ГЭСке), Кыргызстанда 90%дан ашык иштеп чыгуулар ГЭСке туура келет, Тажикстанда бул санда дагы жогору – 95%. Түркмөнстан иштеп чыгуунун бир отундук түзүмүн карманып келет, негизги булак болуп газ саналат, ал эми резервдик болуп мазут жана дизелдик отун саналат.

Ар бир жогоруда аталган ЭЭсын алуу жолдорунун өзүнүн оң жана терс жактары бар.

Көмүр ЖЭСи ЭЭге салыштырмалуу арзан булак болуп саналат, жаратылыш шарттарынан көз каранды эмес. Терс жактарынан – отунду жеткирүүгө кетүүчү чыгымдар, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жогору, энергия алуу үчүн жок болуучу булакты колдонуу, бул убакыттын өтүшү менен иштелип чыгып жаткан энергиянын баасын жогорулатып, анын пайдасын азайтышы мүмкүн, суткалык жана мезгилдик жүктөрдү жабуу үчүн системанын маневрларынын таңкыстыгы.

Газотурбиналык электростанциялар (ГТЭС) экологияга салыштырмалуу анча чоң эмес зыян алып келет, жаратылыш шарттарынан көз каранды эмес, жаңылануучу ресурс болуп саналбаган отун менен иштейт. Мындан тышкары, технологиялык өзгөчөлүктөн улам колдонуудагы ГТЭСтер аз.

Гидроэлектростанциялар (ГЭС) – экологиялык жактан коопсуз энерго кубаттулуктардын бири, жаңылануучу булакка кирет, бирок жаратылыш шарттарынан олуттуу көз каранды. Орто Азияда суу аз болгон, дарыялардагы суунун деңгээли төмөндөп кеткен учурда, демек, ЭЭни иштеп чыгуу да азайып кетет, бул ар трт-беш жыл сайын болуп турат. ЖЭС жана ГТЭС менен салыштырмалуу жаман эмес маневрдик кубаттуулукка ээ. иштелип чыккан энергиянын өздүк баасы – эң арзан баалардын бири.

Атомдук электростанциялар (АЭС) – жумуш аба ырайынын жана жаратылыш шарттарынан көз кранды эмес, экология үчүн анчалык зыяны жок (бирок, авария учурунда – өтө масштабдуу). Күйүүчү майды эжеткирүү үчүн ири чыгымдарды талап кылбайт. Иштелип чыккан энергиянын баасы – төмөн баалардын бири.

Негизги кемчилиги болуп АЭСтин өзүнүн курулушунун жана чыгымдык материалдарды алуунун кымбаттыгы саналат. Мисалы, өндүрүш үчүн зарыл болгон байылтылган уранды. Өзбекстанда уран казуу 20дан ашык жерде жүрүп жатат. АЭСтин маневрдик кубаттуулугу чектелүү. Объектини куруу жана өзүн-өзү актоо мезгили узак.

Нефти менен иштеген электростанциялар адатта көмүр суутектүү запаска бай өлкөлөрдө иштейт. Иштелик чыккан энергиянын өздүк баасы жана экологияга тийгизген таасири жогору.

Жаңыланма энергетика. Шамал турбиналар, күн панелдери жана ЭЭни алуунун башка альтернативдүү ыкмалар азарынча Борбор Азияда терең жайылган эмес (кичи ГЭСтерди кошпогондо). Казактсна, Өзбекстан, Түркмөнстан казылып алунуучу отун менен камсыз болушкан, Кыргызстан менен Тажикстан ишке ашырылбаган гидроэнергетикалык потенциалга ээ, ошондуктан ушул багытты өнүктүрүү коммерциялык жактан максатка ылайыксыз.

Ар бир өлкөнүн өзүнүн энергетикалык секторун өнүктүрүү программасы бар. Региондун алдыңкы өлкөлөрү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана эскилерин жаңылоого жеке каражаттары болуп туруп, бекемдиктин запасын түзүүнү каалашат, муну менен өздөрүнүн өсүп жаткан керектөөлөрүн жаап эле тим болбой, энергоресурстарды экспорттоо рыногуна чыгууну каалашууда.

Чет элдик өнөктөштөрдүн акчасына иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды куруп жаткан жанаа курууну пландаштарып жаткандар жакшы болгон учурда транзиттик өлкөнүн ролунда аган боло алышат.

2010-жылы Казакстандын бийлиги 2020-жфлга карата өлкөдө АЭС куруу планын айтып чыккан. Долбоор ишке ашкан жок. Бул энергия өндүрүүнүн түзүмүн ар тараптуу кылат деп болжолдонгон. Атомдук энергиянын үлүшүн нөлдөн 20%га чейин көбөйтүшмөк.

Өзбекстан АЭС курууну баштоо алдында турат. Азыр долбоордун негизги өнөктөшү – Росатом менен макулдашуу иштери жүрүп жатат. эки энергоблокту ишке киргизүү 2028-жылдарга белгиленген. Пландалган суммалык кубаттуулук – 2400 МВт, ал Өзбекстанда энего таңкыс болуп саналган Андижан, Наманган жана Фергана абласттарын камсыздоого жетет. Энергияны колдонуу 2020-жылы 15,5%га өсүүсү күтүлгөнүнө карабай, Ташкент долбоорду ишке ашыргандан кийин ЭЭни жалпы рынокко жеткирүүчүгө айланат деген олуттуу божомол бар. Казакстан өсүп жаткан көлөмгө карабай, азырынча Борбор Азиянын энергетикалык борборуна айлана албайт – инфра түзүмдүн абалы мүмкүндүк бербейт.

Тажикстан 2018-жылдын 19-ноябрынан тартып Рогун ГЭСинин пландаштырылган алты агрегатынын биринчисин ишке киргизди. ГЭСтин суммалык иштеп чыгуусу саатына 17 млдр киловаттан жогору болушу керек. Бирок, ушул долбоорду ишке ашыруу тарыхынан жана каражаттык таңкыстыгынан улам долбоорду ишке киргизүүнүн мөөнөтү жылып кетиши мүмкүн. Жакынкы арада өлкө энергетиклык каатчылыктан чыга албайт деген маанилүү божомол бар. Азыркы этапта Рогун ГЭСи иштеп чыккан электр энергиясы өсүп жаткан калктын талаптарын жабат жана колдонуудагы өнөр жай объектилеринин керектөөлөрүн канааттандырууга жөнөмдүү, бирок жыл бою керектелүүчү экспорттук жеткирүү камсыз кыла албайт.

Кыргызстанда иштеп чыгуучу кубаттуулуктардын курулушу боюнча иш-чаралар  - Камбар-Ата ГЭСин жана Нарын дарыясында ГЭСтин каскадын куруу токтоп турат. Өлкөгө зарыл болгон станциялардын айланасындагы эң активдүү окуялар болуп Бишкек менен болбой калган инвестор – орусиялык “РусГидро” компаниясынын ортосундагы соттук териштирүү саналат. Объектте иштерди жандандыруу мөөнөтү азырынча айтыла элек. Жакынкы беш жалдык планда өлкөнүн ички керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн кичи ГЭС комплексин колдонууга киргизүү бар.

“2013-2020-жылдарга Түркмөнстандын электроэнергетикалык тармагын өнүктүрүү концепциясына” ылайык Түркмөнстан 14 жаңы газотурбиналык электростанцияларды куруп жатат жана колдонуудагы кубаттуулуктарды оңдоодон өткөрүүдө.

Булак: http://theopenasia.net

Иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды ишке киргизгенден кийин Борбор Азиянын жалпы энергетикалык концепциясын түзүүдө экинчи маанилүү аспекти болуп акыркы колдонуучуга чейин ресурсту жеткирүү жана жолдогу жоготууларды азайтуу саналат.

Азыркы абалында энергетиканы бөлүштүрүү системасынын инфра түзүмү абдан эскирген.  Мисалы, Казакстанда магистралдык тармактарда техникалык жоготуулар 5,7%ды түзөт, ал эми бөлүштүрүүчү тармактарда 13%ды; Өзбекстанда бул көрсөткүчтөр мындан да жогору – электр тармактарындагы техникалык жоготуулар 13%ды түзөт, алардын ичинен 25% - регионалдык магистралдык тармактын улуттук участокторунда жана 75% - бөлүштүрүүчү тармактарда. Азыр Астана жана Ташкент ушул көрсөткүчтөрдү азайтуунун үстүндө иштеп жатат.

Айрым өлкөлөрдүн инфра түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен региондо бирдиктүү энергетикалык мейкиндикти калыбына келтирүү долбоорлору ишке ашуу процессинде турат. Электр энергиясын мезгилдик берүүнү улантуу пландалууда, анын ичинде: Тажикстандан Өзбекстанга (2018-жылы саатына 1,5 млрд кВт эскспорттолду), Кыргызстандан Өзбекстанга (2017-жылы саатына 1,2 млрд кВт).

Тажикстандан ооганстанга жеткирүүлөр жана Өзбескатндын аймагы аркылуу энергиянын транзитин камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы импорттук-экспорттук операциялар туруксуз бойдон калууда – 2015 жана 2016-жылдары ЭЭни жеткирүү жолго салынган эле, 2017-жылы токтоп калган. Казакстандын негизги энергетикалык өнөктөшү болуп мурункудай эле Орусия саналат.

Түркмөнстан колдонуудагы кубаттулуктарын оңдоодон өткөрүүнү улантып жатат жана Ооганстанга жана Иранга ЭЭни жеткирүүнү көбөйтүүнү пландап жатат. Мындай долбоорлордун арасында 500 кВ Мары ГЭСинен Керки көмөкчордонуна чейинки аба электр чубалгысын, 500 кВ жогорку вольттуу Керки көмөкчордонунан Ооганстандын чек арасына чейинки аба электр чубалгысын, 400-500 кВ Мары-Сарахс-Мешхед (Иран) аба электр чубалгысын, жогорку вольттуу Балканабат-Гонбад (Иран) аба электр чубалгысын, Имамназар-Андхой, Серхетабат-Герат аба электр чубалгысын жана Ооганстанга Рабаткашан-Калайнау аба электр чубалгысын куруу.

Ашхабаддын экспортунун географиясы Түркияны, Пакистанды, Тажиксатнды, Өзбекстанды жана Кавказ өлкөлөрүн камтыйт.

Региондон тышкары электр энергиясын экспорттоо

ЭЭни генерациялоонун өсүшү менен Борбор азия өлкөлөрүнүн алдында сатып өткөрүүнүн сырткы рыногуна чыгуу боюнча маселе пайда болот.

Келечектүү багыт болуп “түштүк багыты” саналат – Түштүк Азиянын энергия таңкыс өлкөлөрүнүн рыногуна чыгуу. CASA-1000 (Central Asia – South Asia) долбоору Кыргызстан жана Тажикстанды Ооганстан жана Пакистан менен бийриктирүүчү аба электр чубалгыларынын системасын курууну карайт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү: “Датка” көмөкчордонунан Ходжентке 500 кВ кубаттуулугу менен аба электр чубалгысын, Сангтудда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 1300 мВт болгон конвертердик көмөкчордон, Сангтуддан Кабулга жана Пешаварга чейин 750 км созулган туруктуу агымдагы жогорку вольттуу аба электр чубалгысын, Кабулга өткөрүү жөндөмдүүлүгү 300 мВт болгон конвертердик көмөкчордон (электр энергиянын импортун жана экспортун камсыз кылуучу), Пешаварга өткөрүү жөндөмдүүлүгү 1300 мВт болгон конвертердик көмөкчордон куруу зарыл.

Долбоордун жалпы баасы 1 млрд доллардан ашыкка бааланууда. Ооганстандагы инфра түзүмдү курууга 354 млн доллар керек, ал эми Пакистанда 209 млн доллар керектелет.

Булак: https://eadaily.com

Башка вариант болуп евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү энергетикалык рыногуна чыгуу саналат. Бул идея талкуулоо стадиясында турат. Буга чейин бул долбоорду ишке ашыруу 2019-жылга белгиленген, бирок мөөнөтү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. ЕАЭБге региондун бештен эки мамлекети – Казакстан жана Кыргызстан кирет. Өлкөлөр ортосундагы азыркы дисбалансты эске алганда, бул концепциясы кандай жол менен ишке ашырылары азырынча белгилсиз.

Белиглүү бир шарттарда потенциалдуу кызыктыруучу рыноктордун бири Кытай болот алат. Азыр кытай региондун өлкөлөрүнөн ресурстарды активдүү импорттоп жатат, анын ичинде газ, нефть ж.б. бар. Аны менен электр энергиясын колдонуу туруктуу өсүп жатканын көрсөтүүдө.

Маалымат:

Борбор Азиянын электр өткөргүчтөрүнүн мамлекететр аралык чубалгылары