Кыргызстандык аял АКШдагы сулуулук сынагында жеңишке жетти

22 ноября 2018 Кыргызстандык аял АКШдагы сулуулук сынагында жеңишке жетти

Бул кароодо сулуулардын үй-бүлөлүк абалы жана курагы маанилүү эмес.

 Замира Крейг аттуу кыргызстандык айым АКШда өткөн Miss Asia USA — 2018 сулуулар сынагында Mrs Europe Global номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу маалыматты ал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына телефон аркылуу тастыктады.

Дүйнөлүк сулуулук сынагы 17-19-ноябрь күндөрү Лос-Анджелес шаарында өткөн. Баш байгеге бардыгы болуп 30 катышуучу ат салышты. Бул кароодо сулуулардын үй-бүлөлүк абалы жана курагы маанилүү эмес. Ал эми кыргызстандык айым өз курагын айтуудан баш тартты.

Кыз-келиндер сахнага бикини жана улуттук кийим менен чыгышты. Мындан тышкары, көрүүчүлөргө бий тартуулашты.

Замира Крейгдин айтымында, сынакка аны уюштуруучулар өздөрү чакырган. Алгач ал Азия өкүлү катары катталып, бирок учурда Лондон шаарында жашап жаткандыктан, европалык сулуу катары эл алдына чыкты.

"Бул кароого мени былтыр эле чакырышкан. Бирок анда мүмкүнчүлүк болгон эмес. Быйыл кичине чечкиндүүрөөк болуп, өз күчүмдү сынап көрөйүн дедим. Кастингден 20-май күнү өткөм. Финалдык бөлүгүндө калыстар тобунун алдына укмуштуудай улуттук кийим менен чыктым. Ал элдин баарына жакты", — деди Замира айым.

Мекендешибиз Mrs Europe Global номинациясынан тышкары Mrs Fitness титулуна дагы ээ болду. Сынактын жеңүүчүсү деп Түштүк Кореядан келген Ребекка Ким аталды.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Фото / Daniel Pham