Доллар менен евро арзандап бара жатат. 27-майга карата баа

27 мая 2020 Доллар менен евро арзандап бара жатат. 27-майга карата баа

Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата төмөндөдү. Бирок Улуттук банк чет элдик валюталар курсун бир аз жогорулатты.

АКШ акчасын сатып алуу — 73.09, сатуу — 73.76 сом. Ал эми Улуттук банктын курсу — 74.07 сом. Еврону сатып алуу —79.16, ал эми сатуу 81.59 сомго бааланып жатат (КРУБ — 81.18 сом). Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.022, сатуу — 1.052 сом) кармалып турат.

Автоунааларга пайдаланчу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 32.8-32.9 сомдон, ал эми АИ-95 36.8-36.9 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммын сатып алуу 5 582, сатуу 5 610 сом деп катталды.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

sputnik