Кытай Кыргызстандын көйгөйлөрүн өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатат

4 мая 2020 Кытай Кыргызстандын көйгөйлөрүн өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатат

Короновирустук эпидемиянынын чабуулун биринчилерден болуп кабыл алышы жана жеңип чыгышы жана масштабы боюнча дүйнөдө экинчи болгон, бутуна туруу процессин баштаган кытай экономикасы бүткүл дүйнөлүк экономикалык тутумга үмүт берүүдө. Бирок, прагматик Кытай каатчылык ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өзү үчүн максималдуу пайдаланарын эстен чыграбаш керек. Коронавирусттук мезгилден кийин Кытай өзүнүн экономикалык басымын күчөтүүгө аракет кылат, анын ичинде Кыргызстанда дагы. Дүйнөнүн, анын ичинде Кытайдын экономикасынын калыбына келиши биздин өлкөгө кандай таасир тийгизери жөнүндө өзүнүн пикири менен аналитик Калнур Ормушев ой бөлүштү. Макала талкуу үчүн жарыяланат.

Кытайдын узак мөөнөттүү саясаты

Кытайдын элитасы ондогон жылдар алдын ала ой жүгүртүшөт. Пекинде тартылып жаткан келечектеги дүйнөнүн сүрөтүндө Борбордук Азия – бул Россияны кошкондо Кытай менен Европанын ортосундагы чоң транзиттик зона. Мындан тышкары, Кытай үчүн Пекиндин алдында турган СУАР менен Тибеттеги көйгөйлөргө байланыштуу Борбордук Азияда болуп жаткан процесстерди контролдоп туруусу маанилүү.

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Кытайдын Борбордук Азиядагы саясатында өзгөртүүлөр жүрдү: басып алуу стратегия тандалып алынган, регионго Кошмо Штаттардын келишине байланыштуу күчтөрдүн балансына жетүү аракети жүрүп жатат. 2013-жылы “Бир жол – бир алкак” долбоорун сунуштоо менен Пекин региондо ири оюнчу болууну каалоо ниетин билдирген.

Борбордук Азия республикаларында кытайдын басымынын өсүшү –регионалдык саясатта XXI кылымдын биринчи он жылдыгындагы негизги тенденциялардын бири. Пандемия, нефтилик жана валюталык лихорадка менен алсызданган биздин сурунку советтик өлкөлөрдүн экономикасы Кытайдан мурункудан беш бетер көз каранды болот. Бул тууралуу биз жана биздин кошуналар арыз ойлонушу керек.

Биздин өлкөлөрдүн Кытай алдындагы карызы бир нече миллиард, ал эми улуттук экономикалардын түзүмүндө кытай корпорациялары чоң үлүшкө ээ. Бул өзүнүн басым кылуу зоналарын туруктуу жана ырааттуу кеңейтип жаткан Пекиндин активдүүлүгүнүн өсүшү менен тынчсызданууну гана пайда кылат.

Кытай инвесторлору биринчи көз карашта абдан пайдалуу долбоорлорду сунушташат: инвестициялар, жол жана башка инфратүзүмдүк объектилерди куруу. Мунун баары абдан кызыктырат жана өз ара пайда табууга басым жасоо менен жарнамаланат.

Кытай экспансиясынын куралдары

Өз пландарын ишке ашыруу менен Кытай бир эле өзүнүн финансылык жана экономикалык ресурстарына гана эмес, Борбордук Азия мамлекеттеринде, Кыргызстанды дагы элиталар менен бейформал байланыштарына үмүт артат.

Кытай эмиссарлары бул өлкөлөрдө элиталардын өз ара чагып жаберүүдөн да кайра тартышпайт, тескерисинче алардын жардамы менен кытай кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн кыйла келечектүүсүн аныктоого аракет кылат. Түз эле сатып алуудан да баш тартышпайт (адилеттүүлүк үчүн кээ бир ишкерлер өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сатууну сунуштап келерин моюнга алуу керек).

Бейформал мамилелер – бир эле басым жасоо куралы эмес, материалдык ресурстарды үнөмдөө жолу.

Өзүнүн жеке кызыкчылыктарын гана ойлогон өкмөт башчыга чейинки жемкор чиновниктер кытай долбоорлорун ишке ашыруунун кемчилиги толгон варианттарын сүрөмөлөгөн мисалдар абдан көп. Кытайлардын өздөрү дагы инвестициялык пландарына “коррупциялык чыгымдарды” кошуп эсептеп калышты, ансыз алардын көпчүлүк долбоорлору республикада өтпөй калат. Анын үстүнө, ал инвестициялардын биздин өлкө үчүн пайдасы кээде күмөн санатат.

Кара-кече үчүн талаш

Мисалы – үч миллион тоннанын тегерегинде көмүр казуу пландалып жаткан Кара-Кече көмүр кенинин иштетүү жөнүндө сүйлөшүүлөр бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ушул долбоор менен байланышкан пландар 1200 мегаватт кубаттуулугу менен жылуулук электр станциясын жана Балыкчы – Кара-Кече темир жолу курууну болжолдойт.

Жакшы иш, бирок көйгөй башкада, кен чыккан жерди иштетүүгө тендердин шарттары, эгер жакшылап карап чыга турган болсо, ата мекендик же эл аралык инвесторлордун кеңири тобуна эмес, конкреттүү кытай компанияларына ылайыкталып түзүлгөндүгүндө.

А биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн ушул көмүр чыккан жерди өзүбүз иштетүүгө, кытайларга эмес, өзүбүздүн жарандарыбызга жумуш берүүгө алыбыз жетпейби?

Бул жогорку технологияны талап кылган, илимге сыйымдуу өндүрүш эмес да. Болгондо да жердин астында эмес, үстүңкү катмарында жаткан көмүр казууну сапаттуу уюштуруу гана керек. Аны шахта ыкмасы менен эмес, ачык эле казып алууга болот.

Эмнеге ушундай бир топ пайдалуу ишке ата мкеендик ресурстарды эмес, чет элдиктерди тартуу керек?

Анын үстүнө кытайлар өздөрүнүн “инвестициялык долбоорлорун” жеке жумушчу күчтөрү менен ишке ашырат. Бизге келген Кытайдын жарандары бардык эле учурда өздөрүн тйиштүү түрдө алыр жүрө алышпайт.

Алардын максаты – достук эмес, өздөрүнүн жашоосун жаңы мейкиндикте уюштуруу экендигин түшүнүү керек.

Дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусу

Кытай алдындагы карыздары үчүн өзүнүн аймагынын бир бөлүгүн Кытайга берүүгө аргасыз болгон (демек, эгемендигин дагы) Тажикстан менен Шри-Ланканын мисалы Кыргызстандын башкаруучу “элиталарынын” көз алдында болушу керек.

Өз чөнтөктөрүнүн камын эмес, өз элинин, өз жерин камын ойлош керек.

Экономикасын кытайдыкы менен салыштырууга боло турган Индия Кытайдан түз инвестициялар үчүн эрежелерди жок кылды. Анткен менен, Кытай – Индиянын негизги соода өнөктөшү, анын өкмөтү кытай миллиардерлери мамлекеттин жардамы менен пандемиядан алсызданып калган индиянын фирмаларын сатып алып коёт деп кооптонот. Ошондуктан, Дели кытай бизнесмендерине Индияда бийликтин макулдугу менен гана акча салуу болору жөнүндө токтом чыгарды. Бул чараларды басмырлоо жана Дүйнөлүк соода уюмунун регламенттерин бузуу деп атаган Пекиндин нараазылыгын тоготкон жок.

Кытай инвестицияларынын жолуна тоскоолдуктарды коюуда Индия жагыз эмес. Кытайдын пландары боюнча күмөн саноолорун Австралия, Германия жана Евро биримдикке мүчө бир катар өлкөлөр да айтып чыгышты. Алар кубатуу кытай корпорациялары стресстен арзандап кеткен активдерин сатып ала баштайт деп кооптонушууда.

Кылымдын башында Кытайдын Соода жана экономикалык кооперация министрлиги жергиликтүү компанияларга Россиянын айкын нефти холдингдеринин акцияларын сатып алууну сунуштаганын эстей турган болсок, россиялык “Славнефть” мамлекеттик нефти компаниясынын 74,95 пайызын сатуу боюнча аукциондо Кытайдын China National Petroleum Corporation (CNPC) деген ири мамлекеттик нефти-газ компаниясы катышуу ниетин билдирген. Ал “Славнефть” үчүн россиялыктарга караганда эки эсе көп төлөөгө жөндөмдүү эле. Бирок, россиялык истеблишмент өлкөнүн энергетикалык ресурстарына Чыгыштан келген чет элдиктерди кылдат ойлонулган шылтоо менен катыштырган эмес.

Борбордук Азияга болгон көз караштар

Кыргызстанда кытай экспансиясына карата кооптонуулар реалдуу негизи ээ. Көйгөйдүн негизи кытайлардын жүрүм-турумунда, алардын жергиликтүү жашоочуларга болгон мамилесинде эмес, стратегиясында.

Глобалдуу экономикалык борборго тездик менен айланып бараткан Кытай үчүн Борбордук Азия менен байланыштары кандайдыр бир олуттуу макроэкономикалык мааниге ээ эмес. Пекинге региондун өлкөлөрү баарынан мурун өзүнүн экономикасы үчүн ресурстук база катары кызыктырат. Башка чөйрөлөрдөгү экономикалык өз ара аракеттер Кытайга тоскколдуксуз ресурстарды казып алуу үчүн шарт катары региондо басым кылууну бекемдөө үчүн керек. Буга бардык стратегия багытталган. Биздин пайдабыз жана биздин элге пайдасы Пекинди кызыктырбайт.

Бул стратегия жашырылбай эле келет. Бул жергиликтүү коомчулуктун кытай демилгелерин терс кабыл алуусуна гана алып келет. Коррупциялык чынжырлардын ачык эле көрүнүп тургандыгы, инфра түзүмдүк долбоорлордун сапатсыздыгы, синофобияга алып келген кытайлардын кысым көрсөтүүсү негативди күчөтүүдө. Кытайдын орбитасына Борбордук Азияны толук интеграциялоо кооптуулугу жана ушул өзөктүк державанын региондо аскердик катышуусу үчүн плацдарм түзүүсү жөнүндө сүйлөшүүлөрү актуалдуу болушу жөн жерден эмес.

Кытайдын toutiao жана sohu.com сайттарындагы материалдардын аталыштарын эле крап көрөлү: “Кыргызстан Кытайдын жери болгон”, “Эмнеге Казакстан Кытайга кайра кайтып келүүгө аракет кылып жатат?” бул ачык чагымдар эки республикада тең нараазылыкты пайда кылды.

Бирок, эмоционалдуу нараазылык сөздөрү жетишсиз. Ушул белгилерге өтө олуттуу жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Алар Кытайдын белгилүү бир чөйрөлөрүндө биздин өлкөлөр “кытай дүйнөсүнүн” бир бөлүгү катары кабыл алынып жаткандыгын, же болбосо кеминде Кытайдын басымы алдында калгандыгын дагы бир жолу көбөлөндүрөт.

Кытайды башкарган коммунисттик партия контролдогон прессанын абалын эске алганда, чырлуу макалалар Кыргызстанда жана Казакстанда жергиликтүү саясатчылардын жана тургундардын реакциясына тест катары кабыл алынгандыгы Кытай үчүн логикалуу көрүнүш болду.

Бирок, “... кытай-америка мамилери варианттардын кесилишинен өтүп, катаал атаандаштыкка жана бетме-бет кагылышууга карата жүрүп баратканда” (Кытайдагы алдыңкы Цинхуа университетинин Эл аралык стратегия жана коопсуздук стратегиясынын экспертинин баасы боюнча)  бүгүнкү күндө бул макалалар биздин региондо Кытай абдан тынчсызданып жаткан АКШнын ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнө жооп катары колдонулду.

Пекин Борбордук Азия улуттук коопсуздукту камсыз кылууда стратегиялык маанилүү ролду ойнойт деп болжолдойт. Россия менен катар биздин регион Кытай үчүн кубаттуу экономикалык күчтөрдүн атаандаштыгы күчөп жаткан тынч океан бассейнинде Пекинди кыйла тынчсызданткан АКШнын аскердик батыгынын алдында терең оорук, таяныч болуп саналат.

Ушул жылдын 3-февралында Ташкентте өткөн кытай темасын балкуулоону башкы максат кылган Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин чогулкан С5+1 саммитинде мамлекеттик катчы Майк Помпео АКШ региондогу экспансиясын улантуу жана Кытай, Россия жана Иранды кошокндо башка оюнчулар менен тирешүү ниетинде экендигин билдирди. Ошондуктан, Борбордук Азияга болгон Помпео иш сапары Россиянын, андан да көбүрөөк, чамасы, Кытайдын тынчтыгын бузду.

Кыргызстан геосаясий “үчилтиктин” кызыкчылык чөйрөсүндө

Өзбекстандагы Кытайдын элчилиги Поспеонун евразия өлкөлөрү боюнча иш сапары “арам ойлуу шыкакчылыкка жана чагымга” бай болду, ошол эле учурда “бардык тараптар биз менен кошо Помпеонун жүрүм-турумуна жана коркутуп-үйкүтүүсүнө абдан жийиркенгендигине” ишенерин деп билдирди.

Азыркы дүйнөнүн лидерлери “АКШ-Кытай-Россия” үчилтигинин биз дин региондогу кызыкчылыктарына, демек позициясына жана саясатына баа берүүдө СУАР, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азиядагы көйгөйлөрү менен Кытай үчүн Збигнев Бжезинский “евразия Балканы” деп атаган чек аралаш Борбордук Азия өлкөлөрүндө туруктуулукту сактоо маанилүү деп айтууга болот.

Өлкөнүн оор ички жана тышкы көйгөйлөрү менен маселелеринин комплекси менен Кыргызстандагы кырдаалга карата Россиянын мамилеси тууралуу өткөн жылдын жай мезгилинде Россиянын президенти Владимир Путин: “Өлкө саясий туруктуулукка муктаж. Бардык эл азыркы иштеп жаткан президенттин жанына биригип, ага мамлекеттик өнүктүрүүгө жардам бериши керек”, - деп кесе айткан.

Ал эми АКШ кээ бир өлкөлөрдөгү, демек региондогу туруксуздукту коркунуч катары эмес, өзүнүн позициясын бекемдөөгө жана түрдүү геосаясий талкууда далилдерин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк катары кабыл алат.

Ошондуктан, Вашингтондун Кыргызстандык мигранттардын кирүүсүн токтоткон визалардын жана грин-карталарды берүү боюнча чектөөлөрдү киргизүүсүн жарандардын өз өлкөсүнүн бийлигине нараазылыгын пайда кылуу аракети катары, америкага ыктаган ишмерлерди нараазылык аракетине түртүү жана АКШга барууну каалагандардын эсебинен алардын катарын кеңейтүү катары кароого болот.

Биздин өлкөнүн ТИМи өзүнүн: “... муну менен кыргыз-америка мамилелерине олуттуу зыян келтирилди”, - нотасын өз убагында билдирди. Көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн бул чектөөлөр чымын чаакандай да болгон жок. Алар акчаны Америкага эмес, Ысык-Көлгө барыш үчүн топтошот. Бирок, АКШнын биздин негизги союздаштар жана өнөктөштөр – Россия жана Кытай менен – болгон өз ара мамилесин эске алуу менен ошол нотада биздин кичинекей, бирок намыстуу өлкө америкалык жарандарга виза берүүгө карата ушундай эле чараларга кабыл алышы мүмкүндүгү жөнүндө билдирүүсү логикага ылайыктуу жана жөндүү болмок.

Кыргызстанга артыкчылыктуу экономикасы жана аскердик дарамети, чоң адамдык, энергитикалык, финансы ресурстары бар мамлекеттер курчап алган. Биздин өлкө үчүн тынчсыздануу жараткан кырдаалда бардык чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу аракеттенүү үчүн болуп жаткан процесстерди өз убагында байкап, адекваттуу баа берүү өзгөчө маанилүү.

Кыргызстан алдында турган коркунучтар

Ушул коркунучтардын бири – элита ичиндеги жаңжалдар, аларга биздин коомдун кеңири социалдык катмарлары дагы тартылат. Бир эле чет өлкөлө эмес, өлкөнүн ичинде дагы, эгер республика социалдык, экономикалык, саясий туруксуз абалда кала берсе, алардын маселелерин кыргыз бийлиги менен чечүү жеңил болот деп ишенген күчтөр бар.

Ооба, саясий туруктуулукту камсыз кылуу маселесин кошкондо региондун көйгөйлөрү күн тартибиндеги негизги маселе болушуна аракет кылуу керек, андай болсо, глобалдуу геосаясий оюнчулар – Россия, АКШ, Кытай – өз ара келишүү мүмкүнчүлүгүн издешет.

Бирок, эң негизги маселе – жарандык жаңжалдардын отуна кол жылытууга аракет кылган өзүбүздүн саясий күчтөрдү кармап калуу. Эреже болгондой, элитанын авторитардык коомдорунда түрдүү социалдык-экономикалык башаламандыкты басым жасоо жана киреше чөйрөсү үчүн күрөшүүдө пайдаланууга аракет кылышат. Биздин өлкөнүн жаңы тарыхы, өзгөчө анын акыркы он жылдыгы абдан көп ата мекендик саясатчылар үчүн бийликке жетүүдөн башка маанилүү эч нерсе жок экенин көрсөттү. Алар үчүн өлкөнүн жана элдин тагдыры экинчи орунда турат.

Петр Столыпиндин: “Мамлекеттүүлүктүн каршылаштары радикализм жолун тандоону каалашкан... Аларга улуу толкундоо керек, бизге улуу Россия керек!” – деген өзүнүн саясий-технологиялык постулаты биздин элита үчүн айтылгандай.

Ал эми бүгүн бизге улуу эмес, гүлдөп-өнүккөн өлкө керек.

mediaplov