Мырзаларга кеңеш: айымдарга халат белекке берүү – мыкты идея

1 мая 2020 Мырзаларга кеңеш: айымдарга халат белекке берүү – мыкты идея

Бактылуу аялдын жанында мырзалар да өзүн бактылуу сезет. Ал эми айымдардын көңүлүн белектер мыкты көтөрөт. Өзүңүздүн сулууңузду романтикалуу белек – жибек халат менен кубантыңыз.

Ар бир аял кооз кийингенди жакшы көрөт, ал эми сапаттуу, өзгөчө табигый жибек халат аялдын көркүн ачат.

Кантип тандоо керек?

Мисалы, эгер сиздин сүйүктүүңүз романтик болсо, анда ага тордолгон декорлуу моделдер жагат, эгер сиздин сүйүктүүңүз тентек, эрке болсо, кыска жасалгадагысын белекке бериңиз, ал үми оор басырыктуу болсо, узундугу полго жеткен халат берсеңиз болот. Ошондуктан, аялдар халатын тандоодо аялдын кийинүү өзгөчөлүгүн эске алып: өңүнө, тордолгонуна, кездемесине, фасонуна, узундугуна, брендине, принтине көңүл буруңуз.

Түсү

Халаттын түсүн тандап жатып, сүйүктүүңүздүн кийимдеринин түсүн эске алыңыз. Эгер аныгын билбесеңиз, анда саргыч-боз, бирюза, назик күлгүн, боз, ак, ач жашыл түстөрүн ойлонбой тандай бериңиз.

Кездемеси

Аялдар үчүн кездеменин курамы маанилүү, анткени үйдө аял өзүн эркин жана ыңгайлуу сезиши керек. Халаттар жана башка үй кийимдери 100% табигый курамда же синтетикалык булалар анча көп эмес (25-30%) кошулушу керек.

Табигый кедемелер денеге жагымдуу болсо, жасалма же аралашмасы бырышпайт жана жууганда кири бат кетет.

Бир түстүү тордолгон халаттар – ар дайым мыкты көрүнөт. Пахтадан жасалган халат – жумшак жана ыңгайлуу, атластан жасалгандар падышалык байлык катары кубантат.

Фасону

Сүйүктүүңүздүн турпатына ылайык тандап алыңыз. Аялдардын баарына “запах” моделдеги халаттар жарашат, анткени алар аялдардын фигурасына жарашыктуу.

Узундугу

Халаттардын узундугу ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок күндө кийип жүрүү үчүн кыска же орто узундуктагы моделдерди тандоо керек, ал эми полго жеткен узун халаттарды романтикалуу кечелер үчүн ылайыктуу.