Вирустан коргой турган 5 бөлмө өсүмдүгү

30 апреля 2020 Вирустан коргой турган 5 бөлмө өсүмдүгү

Тумоо менен башка вирустук оорулар мезгилинде өзүбүздү жана жакындарыбызды коргой турган кошумча каражаттарды издейбиз. Бөлмө өсүмдүктөрү үйдү гана кооздобой, аны чаңдан, зыяндуу бактериялардан жана вирустардан тазартат.

Герань

Бул гүл көптөгөн үйдү кооздоп, жыл бою көз жоосун алган гүлдөргө бөлөп, вирустар менен бактериялардан коргойт. Кызыл гүлдүү герандын дарылык касиети көбүрөөк, ал эми ак, күлгүн жана ак-кызыл күрдүү герань бөлмөдөгү абаны тазартат. Бул өсүмдүк бөлүп чыгарган заттар стрептококк, стафилококк жана тумоо чакыра турган башка да вирустар менен бактерияларды жок кыла алат.

Сансевиерия

Бул бөлмө өсүмдүгү эл арасында “кайнененин тили” деген ат менен көңири белгилүү. Бул өсүмдүк гүлдөбөсө да өзгөчө жалбырактары менен үйдү кооздоп, андагы микроклиматты бир калыпта кармап турат. Ал абаны тазалайт жана нымдайт. Сансевиериянын вируска каршы касиети бар.

Лавр

Бардык эле ашканадан лавр жалбырактарын табууга болот. Лавр жагымдуу жытка жана дарылык касиетке ээ. Бул өсүмдүктүн курамындагы фитонциддер менен микроэлементтер иммунитетти бекембейт. Лаврды антибиотик деп аташат, анткени ал сезгенүүгө жана бактерияга каршы касиети бар. Вирустуу оорулар күчөп жаткан учурда лаврды балдар бөлмөсүнө коюшат.  

Лиана

Лиана – чырмооктун бир түрү, анын жалбырактары жүрөк сымал. Ал өзүнүн жалбырактары менен дизайнерлерди да азгырып келет. Анын чоң жалбырактары вирустар менен микробдорду алсыз кылуучу пайдалуу заттарды бөлүп чыгарат.

Лимон багы

Цитрус өсүмдүктөрү өздөрүнүн дарылык касиети менен белгилүү. Анын мөмөсү эле эмес, жыпар жыты дагы иммундук системаны бекемдейт. Лимон багы бөлмөдөгү абаны толугу менен дезинфекциялайт. Лимон бөлүп чыгарган заттар патогендүү микроорганизмдер, бактериялар жана вирустар менен натыйжалуу күрөшөт.