Өрт өчүрүүчү капысынан 8,2 миллион долларлуу болуп, кайра андан айрылды

28 апреля 2020 Өрт өчүрүүчү капысынан 8,2 миллион долларлуу болуп, кайра андан айрылды

Американын Нью-Чикаго шаарында өрт өчүрүүчү болуп иштеген Чарльз Калвин банк эсебин текшергенде анда 8,2 миллион доллар бар экенин билген.

11-апрелде ал кызматкерлерди колдоо үчүн 1,7 миң доллар түшүп-түшпөгөнүн билүү үчүн банкоматка барып, андан 200 доллар алган. Берилген чектен анын эсебинде 8,2 миллион доллар бар экенин билген. Ал көргөн көзүнө ишенбей, картасын кайта-кайта салып текшерип чындап эле 8,2 миллион доллар бар экенине ынанган.

Бирок 13-апрелде банктан чалып, анын эсебине катачылык кетип, 8,2 миллион доллар которулуп калганын кабарлашкан.