43 жылдан бери төрөй албай жүргөн 68 жаштагы аял эгиз төрөдү

28 апреля 2020 43 жылдан бери төрөй албай жүргөн 68 жаштагы аял эгиз төрөдү

Нигериянын Лагос шаарынын 68 жаштагы тургуну эгиз төрөдү.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, 68 жаштагы Маргаретт Аденуга менен анын 70 жаштагы жолдошу Ноа Аденуга 43 жылдан бери бала жытына зар болуп келишкен.

Түйүлдүктөгү ымыркайлар 37 жума болгондо дарыгерлер операция жолу менен төрөттү кабыл алышкан. Жарык дүйнөгө уул менен кыз келген.

Маалыматка ылайык, эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.