Мырзалар аял менен төшөк кумары өзгөчө болуш үчүн эмне кылышы керек?

28 апреля 2020 Мырзалар аял менен төшөк кумары өзгөчө болуш үчүн эмне кылышы керек?

Аялдардын төшөктө оргазм албай калышы эркектердин алардан алыстоосуна алып келет. Бул тууралуу бир катар илимий изилдөөлөрдө белгилүү болгон. Бирок аялдардын мындай абалда калышына бир катар факторлор себеп болот.Аялды эле айыптай бербей сиз да аракет кылыңыз. Аларды эске алуу менен сиз жубайыңыз менен түндү өзгөчө кылсаңыз болот. Төмөндө barometr.kg бир нече кеңештерди сунуштайт.

Уктоочу бөлмөдө эч ким болбоого тийиш

Аялдардын төшөк кумарынан лаззат албоосу алардын психологиялык маанайына түздөн-түз көз каранды. Уктоочу бөлмө толтура конок, айылдан келген туугандарга толуп турса кайсы аял ырахат алат? Сексопотолог- психолог окумуштуулардын айтымында, үйдүн уктоочу бөлмөсү жайлуу, эч ким тоскоол болгондой болушу кажет. Түн өзгөчө болсун десеңиз аялы дагы, күйөөсү да романтикалык жагдай түзө билүүсү шарт.  

Дайыма эркелетиңиз!

Эркектер аялдын жан дүйнөсүн ачыш үчүн төмөнкүлөрдү эске ала жүргөнү оң.Аны күндүз да, түндөсү да эркелеткенди унутпаңыз. Жакшы сөздөн маанайы ачылып эркелегенге үйрөнсө, түндө дагы эркелегенди адат кылат.Конокко барганда, кечелерде аны карап көзүңүз менен эркелеткенди үйрөнүңүз. Сиздин каалооңузду ал ар дайым сезип тургандай болушу шарт. Эркелетпей коюу аялдарга катуу тиет.

Шашпаңыз!

Төшөк кумарынан кийин чок баскандай ыргып туруп жуунчу бөлмөгө кирип кетүү да аялдарды иренжитет.Ага ыраазчылык билдирип эркелетүү керек. 15-20 мүнөттөй аялды сүйүп, кучактап жата туруңуз.

Эгоизмден алыс болуңуз!

Эркек өзү жакшы болсо эле аял да жакшы болот деген түшүнүктөн алыс болуусу шарт. Айымдарга төшөктө ашкере сүйлөй берүү да жакпайт. “Жактыбы, жакпадыбы” деген сыяктуу сөздөрдөн эркектин аялдын көзүнчө баасы түшөт. Төшөктө аялга эмне жагар жакпасын башка учурда сурап билип алганыңыз жөндүү.

Булак:  barometr.kg