Төшөк оюну такыр кызыксыз болуп калды!

28 апреля 2020 Төшөк оюну такыр кызыксыз болуп калды!

Салам достор! Биз күйөөм экөөбүз үйлөнгөнгө быйыл тогуз жыл толот. Айтайын дегеним башында күйөөм жаныма жакындап, өөп койсо эле ээрип төшөккө даяр болуп калат элем. Эми жыл өткөн сайын негедир мага бул нерсе такыр кызыгы жок болуп, жакшы дүүлүкпөй, дүүлүксөм да рахат алганга жетишпей калчу болдум.

Мен элдин баарында эле убакыттын өтүшү менен көп жыл жашап калганда, төшөк мурдагыдай ысык болбой калабы деп ойлоп коём. Мен "финалга" жетпей кала бергенден улам, күйөөм да баштагыдай сексуалдуу болбой калдың деп көп айтчу болду. Ушинтип отурсак күйөөм сексуалдуусун издеп кетеби деп коркуп кетем.

Төшөктү кантип мурдагыдай кызыктуу кылыш керек? Же көп жыл жашаган соң көнүшүп калып, аракет кылсаң деле болбойбу? Ушул суроолорго жооп издеп жүрөм. Силер да ой бөлүшкүлөчү, достор.

АДМИНИСТРАЦИЯДАН: Төшөк оюну кызыксыз болсо, эмне кылуу керек? Ар бир үчүнчү түгөй сексуалдык жактан төп келишпейт. Билинбегени менен бул үй-бүлөлүк турмуштун чоң трагедиясы. Жыныстык жактан тил табыша албаган жубайлар бирин-бири сүйүп турса да, ажырашып кетиши мүмкүн. Бирок, бардык нерсенин жолун тапса болот эмеспи.

Адистер бул көйгөйдү чечүү үчүн төмөндөгүдөй сунуштарды беришет:

1. Алгач жубайлар өзүнө суроо салышы керек. Күйөөңүз же аялыңыз сизге эмнеси менен жакпай жүрөт. Балким төшөктөн сырткары сизди кыжаалат кылган кылыктары бардыр. Жакшылап ойлонуп, баарын анализден өткөрүп көрүңүз.

2. Түгөйүңүздүн төшөк оюну маалындагы кайсы бир жоруктары, талаптары сизге жакпаса ачык айтыңыз. Сүйлөшүп, кээ бир ыкмаларды чогуу иштеп чыгуу сизге да, ага да пайдалуу экенин унутпаңыз.

3. Төшөк кумары ырахат алып келиши керек. Жубайыңыз экөөлөп аракет кылганда гана буга жетүүгө болот.

4. Үйдүн түйшүгү түгөнбөйт. Ал үчүн төшөк кумарынан баш тартуу туура эмес. Кээде дем алыш күндөрү балдарды тууган-туушкандардыкына жиберип, телефондорду өчүрүп, жападан жалгыз болууга аракет жасагыла.

5. Маал-маалы менен адистерге кайрылгыла. Ортодогу түшүнбөстүктөрдү психолог, сексолог аркылуу чечсе болот.

6. Албетте, төшөк кумарысыз деле бирге жашоого болот. Бирок күн менен түн сымал аял эркекке, эркек аялга керек. Төшөк кумарына аз баткан аялдар эмчектин залалдуу шишигине, эркектер неврозго көп кабылаары илимде далилденген. Андыктан, секс бирин-бири түшүнүүгө, ден-соолукту чыңдоого, эң кыскасы, бактылуу жашоого стимул берерин эстен чыгарбаңыз.

Булак: ok.ru