Дарыгерлер карантин уланып жаткан чакта D витаминин көп колдонууга чакырды. Адатта биз аны көчөдө басып эле күн нурунан алып келгенбиз.
Муну "күн витамини" деп атап коюшкан себеби - ал биздин организмге инфекция менен күрөшүүгө жардам берет.
Сунуштар
Эпидемияга чейин эле британдыктарга эгерде сыртка көп чыкпаса, күн сайын (октябрдан март айларына чейин) 10 мкг D витаминин кабыл алуу сунушталган.
Бирок азыркы кырдаалда баарыбыз үйгө камалууга мажбур болуп турганда, өтө керектүү витамин жетишсиз болуп жатышы толук мүмкүн. Англиялык адистер жыл ичинде D витамин капсула же таблеткада колдонуунун төмөнкү сунушун айтып келет:
Эгер сиз ден-соолугуңузга байланыштуу такыр көчөгө чыкпаган болсоңуз
Карылар үйүндө жашаган болсоңуз
Көчөгө чыкканда дайыма үстү-башы жабык кийимде жүрсөңүз
D витамини тишти жана сөөк, булчуңдарды чыңайт. Иммунитетти көтөрүп, инфекция менен күрөшүүгө жардам берет. Айрым иликтөөчүлөр бул витаминдин жетишсиздигин сезондук депрессия менен дагы байланыштырат. Ал тургай D витамини жетишсиз болсо, нерв системасына жана психикалык саламаттыкка дагы таасири тийет деген маалыматтар бар.
Бирок D витаминин ашыкча дозада алганга дагы болбойт. Анын зыяны тийип калышы мүмкүн.
Коопсуз дозалары:
1 жаштан 10 жашка чейинкилер - күнүнө 50 мкг
12 айга чейинки ымыркайлар күнүнө 25 мкг ашпоо керек
Чоң кишилер күнүгө 100 мкг, биокошулмаларда күнүгө 10 мкг
Бейтапка D витамини жетишпей жатканын аныктагандан кийин гана дарыгер өзү жогорку дозаны жазып берет.
Айрым ооруларга D витаминин колдонууга болбойт. Мисалы, бөйрөк оорусу болсо.
Бул D витамини коронавирустан сактай албай турганын дагы билип алыңыз.
D2 же D3 жана канча керек?
D витамини таблетка же капсула түрүндө болот. Ымыркайлар үчүн башкача чыгарылган. Көп учурда сыртында D2 же D3 деп көрсөтүлүп турат.
Айырмасы D2 (эргокальциферол) өсүмдүктөн синтезделет, ал эми D3 (холекальциферол) - ультрафиолет нурлануусу аркылуу алынат. Изилдөөчүлөр D3 формасы натыйжалуу деп эсептейт.
Тамак-ашта жетиштүүбү?
D витамини тамак-ашта аз кездешет. Айрым өндүрүшчүлөр эрте мененки даяр азыктарга кошуп жатышат
Өзүнүн аталышына карабастан, D витамини чынында - организмге калцийди кабыл алып, сиңирүүгө жооп берген гормон.
Балыктын айрым майлуу түрлөрүндө, жумурткада болбосо, башка эч бир азыкта жок. (AbA)