Дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысы Владимир Лениндин 150 жылдык мааракеси эч кимге байкалбай өтүп жатат. Муну анын жүз жылдык мааракеси менен такыр слыштырып болбойт, ал убагында СССРде чоң салтанат шаң менен дүңгүрөп өткөн эле.
Би-Би-Синин орус кызматы Ленин жөнүндө көп жазылганына карабай, дагы деле көп жагынан таанылбай, ачылбай калган адам жана саясий ишмер жөнүндө 2017-жылы жарыяланган монументалдуу биографиялык эмгектин автору Лев Данилкин менен маекти жарыялады. Биз аны айрым кыскартуу менен орчундуу жактарын которуп тааныштырабыз.
Бул китеп Орусияда абдан чоң резонанс жаратып, орус адабиятынын башкы сыйлыгы болгон «Чоң китепти» алды. Анын өзүнө тарткан күчү – совет учурунда туш тарабынан казып изилденген Лениндин биографиясы жаңыча, идеологиялашпаган көз карашта, заманбап мамиле менен изилденгенинде.
Эң белгилүү, эң табышмактуу
Тарыхта эң көп жазылган Лениндей эч ким болбосо керек. Совет убагында эле «Лениндин биохроникасы» 12 том менен жарык көрүп, анын өмүрү ар бир күнү, ар бир саатына чейин жазылгандай болгон.
Ошентсе да, азыркы күнгө чейин Лениндин ким экени жана анын ишмердигинин мааниси жөнүндө элде бирдиктүү консенсус жана түшүнүк жок.
Көчөгө чыгып ары бери өткөндөрдөн Лениндин ким экенин сурасаңыз, бирөөсү немистердин тыңчысы десе, экинчиси кан ичкич дейт. Же башка пикирди угасыз. Ленин жөнүндө канчалык көп пропаганда же контрпропаганда болгонуна карабастан, коом анын ким экенин баары бир жакшы түшүнгөн жок.
Батышчыл же славянофил. Улуттук маселе
Марксизм Орусияда, албетте, вестернизатордук идеологиялык программа болгон, ошондуктан башка марксистер сыяктуу эле Ленин да батышчыл болбой койгон эмес. Анын саясий модернизми, Орусияны илимий программа менен кайра куруп чыгуу мүдөөсү, - ал марксизмди илим деп түшүнгөн, - таптаза батышчыл багыт болгон.
Орусиянын алдында аны кийин «кууп жеткен модернизация» деп атаган доор турган. Көпчүлүк европалык кубаттуу өлкөлөр менен тең атаандаш боло албаган перифериялык, революция болбогондо колонияга айланып кетиши ыктымал (Кытай сыяктуу) болгон өлкөнү марксистер батыштын үлгүсүнө салып модернизация кылууну, атап айтканда капитализмдин өнүгүшүн тездетип, социализмдин келечеги үчүн шарт түзүүнү максат кылышты.
Ал эми анын этникалык аралашкан тамырына келсек, чоң атасы-еврей, атасы –чуваш-калмык, бул менин оюмча ага анчалык маанилүү эмес эле. Ал өзүнүн теги еврей экенин өзү деле билген эмес окшойт, буга анчалык деле маани берген эмес.
Ырас, чакан калктардын тагдыры аны түйшөлтпөй койгон эмес. Бирок анын себеби башка. Кайсы бир учурда, 1914-жылдан кийин ал Дүйнөлүк биринчи согушту баштаган империализмдин эң башкы антагонисти улуттук буржуазия тарапка өткөн марксистер эмес, 1914-жылы марксизмден кеткен чакан калктар экенин түшүндү.
Так ошол империалисттик зордукка каршылык аларды революциялык субъектиге айландырды деп ойлогон Ленин. Улуттук-боштондук кыймылдары, керек болсо эч кандай пролетариат болбогон жерде дагы марксизмге кириши керек эле, ошол себептүү Ленин куугунтукталып жаткан аз элдерди коргоону ойлогон.
Бирок бул анын канында кайсы бир пайызы чуваш, калмык же еврейдики болгонунан эмес.
Спортсмен жана авантюрист
Лениндин эмгектерин бир жыл бою окуп отуруп, мен кандайдыр бир «эң башкы», «абсолюттук», химиялык таза» Ленинди таба албай турганымды түшүндүм. Мага утур-утур аны карай башка ачкычтар керек болуп жатты, мен аны издеп улам-улам туш тарапты жырта бердим.
Мисалы, мен анын жашоосунун спорттук жагы абдан маанилүү деп ойлоп, бардык маршрутун изилдеп, ошол жол менен өтүп көргүм келди, анын турмуштук авантюризми канчалык алыска кетерин, анын саясий жүрүштөрү менен канчалык байланышканын билейин дедим.
Бирок кеп бул жерде башкада, Ленин жашоодо биздин көбүбүзгө караганда чоң авантюрист болгон менен, саясатта мен аны авантюрист деп атабас элем.
СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,SOVFOTO/UNIVERSAL
Жеке турмушу: Крупская жана Инесса Арманд
Ленин менен Арманддын ортосундагы сүйүү жөнүндө «бардык далилдер» 20-30-жылдары жазылган мемуардагы ушак-айыңдарга негизделген. Арманддын сөөгүн коюп жатканда Ленин табыттын артында көз жашын төгүп баратканы, ошондой эле алардын бири-бирине жазышкан каттары. Бирок ошол каттардын негизинде эле алардын жакын болгон деп так тыянак чыгарууга болбойт. Биринчиден, ал таптакыр өз алдынча инсан эле, анын керебетинин жанындагы тумбочка эмес эле. Экинчиден, Лениндин жанында айланчыктап жүргөн көп адамдардын арасынан өзү жактырбагандарын жөн эле четке сүрүп салчу. Ал керек учурда өзүнүн жакын айланасындагы мамилесин көзөмөлдөп турган.
Ырас, алар үчөө көп убакытты бирге өткөрүштү, бирок Крупская өзүнүн күйөөсүнүн жанында анын көңүлдөшүн көрмөксөн боло турган адамга такыр окшош эмес.
СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,SLAVA KATAMIDZE COLLECTION/GETTY IMAGES
Лениндин соңку айларда шалдырап калганы анын интеллектуалдык деградациясын, ал түгүл саясий жеңилүүсүн да билдирбейт. 1922-жылдан кийинки совет мамлекетин эмне кылуу керектигин ал сопсонун түшүнгөн, ошол себептүү жаны жай алган эмес. Жарандык согуш аяктап, жаңы экономикалык саясат башталары менен ал 1917-жылдагы өзүнүн идеяларына кайтып келген, бул анын «Мамлекет жана революция» деген эмгегинде каралган. Бул идея бири экинчисин эзген таптарга бөлүнбөгөн мамлекетти түзүү жөнүндө болгон.
Бул Ленин иштеп чыккан чыгармачылык идеялардын эң маанилүүсү. Көбүнчө анын кризис убагында бийликти тартып ала турган партия түзүү жөнүндө жазылган «Эмне кылуу керек?» деген эмгегин эстешет.
А чынында 1917-жылы апрелде Орусияга кайтып келгенде ал «Эмне кылуу керек?» дегенди эмес, «Мамлекет жана революция» деген эмгегин алып келген, анда мамлекеттен кутулган коом тууралуу жазылат. Ленин үчүн мамлекет – өкүмзор күчтүн машинасы.
Ал үчүн революциянын эң акыркы жыйынтыгы – пролетариаттын диктатурасы эмес, өкүмзор күчтүн укуругу жок коомду түзүү жөнүндө болгон. Анын токойдон жолуккан жоокерден корккон фин аялы тууралуу айткан атактуу аңгемеси так ушул тууралуу эмеспи. Өзүнүн мүлкүнө асылган аялды атып салгандын ордуна жоокер кайра анын отунун көтөрүп жеткиргенге жардам берет.