Батыш Европа гастарбайтерлерге муктаж

27 апреля 2020 Батыш Европа гастарбайтерлерге муктаж

Коронавирус пандемиясына байланыштуу көп өлкөлөр чек араларын бекем жапты. Жыйынтыгында фермерлер катуу жабыркап, негизинен жашылча-жемиштерди жыйыноого күч жетишпей турат.

Батыш Европанын фермелери чартердик каттамдар аркылуу Румыния менен Болгариядан жумушчу күч алып келип, кырдаалдан чыгууга аракет кылууда. Маселен, Германиянын фермерлери ушундай жолго барды. Анын артынан эле британ фермерлери аракет жасап жатат.

Бирок сезондук жумуш үчүн келгендер өздөрүн да, башкаларды дагы коркунучка кептеген тобокелчиликке барууда. Германиянын Баден-Вютремберг аймагында Covid-19 вирусунан Румыниядан келген жумушчулдардын бири көз жумган. Анын ысымы айтылган жок. Бирок Spiegel маалыматына таянсак, ал спаржа (жашылчанын бир түрү) тааласында иштеп жүргөн. Вирусту Германияга келгенден кийин жуктуруп алган болушу мүмкүн.

Румыниядан 150 айыл чарба жумушчусу менен келген каттам бейшембиде Лондондогу Станстед аэропортуна конду. Жумушчуларды кеминде июндун аягына чейин учак аркылуу ташып келишет.

Жумушчуларды алып келген жеке компаниялардын биринин жетекчиси Дерек Уилкинсондун айтымында, алар майда жашыл пиязды жыйнашат. Анын артынан эле жашыл буурчак сыяктуу бир катар өсүмдүктөр жыйналат.

Британия фермерлеринин профсоюз уюму (NFU) өлкөгө 70 миң жумушчу керек экенин айтты. Өкмөт жана кайрымдуулук уюмдары убактылуу жумушка студенттерди жана башка убактылуу бош олтуруп калгандарды тартууга аракет кылууда.

Totaljobs сайтынын маалыматына караганда, мындай жумушка кызыккан кишилер саны кескин көбөйдү. Бул жумуш тууралуу кызыгып сурагандар саны бир аптада 50 миңге жетти. Кызыккандар саны кескин өсүп жатканы менен иш жүзүндө аңгемелешүүдөн өткөндөр алты миң гана кишини түзгөн. 900 кишиге жумуш сунушталып, шарттарга 112 киши гана макул болгон.

Румыния менен Болгарияга чартердик каттамдарды британ өкмөтү эмес, жеке компаниялар уюштуруп жатат. (AbA)