Палоонун индекси Кыргызстандагы жакырчылыктын чыныгы деңгээлин көрсөттү

27 апреля 2020 Палоонун индекси Кыргызстандагы жакырчылыктын чыныгы деңгээлин көрсөттү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда ар бир бешинчи жаран кедей жашайт. Коронавирустун кесепетинен дагы 1,8 миллион адам жумушсуз калышы күтүлөт. Алар өлкөдөгү жакырлардын катарын толукташы мүмкүн.

Биз Кыргызстанда кимдер жакырчылыкка жакын күн кечирип жатканын эсептемекчи болдук. Ал үчүн өлкө жарандарынын «бош акчасын» палоонун бир кишилик өлчөмүнө бөлүп көрдүк.

Көрсө, Нарында эт, түштүктө гүрүч арзандыгы боюнча пикир — жөө жомок экен. Эң арзан палоо Покровка айылында, эң кымбаты — Ош менен Кара-Сууда. Ошол эле учурда өлкө жарандары бош кирешеси палоонун бир кишилик өлчөмүнө араң жетет.

Бош акчасына жасалган палоонун өлчөмү адамдын күнүмдүк жашоосу үчүн керек болгон азыктардын нормасынын бештин бир бөлүгүн түзөт. Бул жөнөкөй салыштыруу өлкө жакырчылыктын көөлөмү расмий маалыматтарга караганда бир канча көп экендигин көрсөтөт.

Булак: 24.kg