ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН УЛУТТУК ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА УЛУТ САЯСАТЫ

27 апреля 2020

Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Кыргыздар калктын 65 процентин түзөт. Мында жашаган өзбектер менен казактар да Кыргызстандын жерин байыртадан мекендеген жергиликтүү калк катары эсептелет. Калган улуттардын негизин Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин ал жактан көчүп келген орустар менен украиндер, кытайлык бийликтен жапа чегип, куугунтукталып келген дунгандар менен уйгурлар түзөт.

Булардан тышкары Украинадан куугунтукталган немецтер келишип, Чүйгө жана Таласка жайгашышкан. 20-30-жж. Түндүк Кавказдан көчүрүлгөн даргин ж. б. улуттардын өкүлдөрү келишкен.

Дүйнөлүк экинчи согуштун жүрүшүндө чечен, ингуш, карачай, балкар, крым татарлары зордук менен көчүрүлүп келинген. Булар менен катар фашисттик оккупацияда калган СССРдин европалык бөлүгүнөн орустар, өзгөчө ленинграддыктар, украиндер, белорустар, согуштун майъштары, аялдар, кары-картандар келип жайгашышкан. Кыргызстанга көчүрүлүп келинген З0дан ашык ири өнөр жай ишканалары менен кошо түрдүү улуттагы жогорку квалификациялуу адистер да үй-бүлөлөрү менен көчүп келишкен. Булардын көбү Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин өз мекендерине кайтышкан, ал эми айрымдары келген бойдон Кыргызстанга калып жашап калышкан. Совет бийлигинин соңку отуз жылында Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнө байланыштуу улуттук жумушчу адистерин көбүрөөк даярдоонун ордуна аларды Россиядан чакыруу, үй-жай менен камсыз кылуу күчөгөн.

Булардан тышкары Сибирден, Ыраакы Чыгыштан, Россиянын түндүгүнөн өз ыктыяры менен жашоого ыңгайлуу жер издеп келгендердин саны арбын болгон. 80жж. тыштан көчүп келүүлөрдүн саны кыскара баштаган. 1991ж. баштап, тескерисинче Кыргызстандан көчүп кетүүлөрдүн саны көбөйгөн. Кыргызстанда орустардын саны 1990-ж. 918 миңге жеткен, т. а. калктын 21,2 процентин түзгөн. Бул республикадагы орустардын эң көбөйгөн учуру болгон. 1991-1994 жж. Кыргызстандан 170 миң орус көчүп кеткен. Элдердин көчүп кетүүсү өзгөчө 1993-ж. өтө жогору болгон. Бул жылы Кыргызстанга 23 миңдей киши көчүп келсе, 143,6 киши көчүп кеткен.

Алардын 80,8 миңин орустар, 10,5 миңин немецтер, 10,6 миңин украиндер, 6 миңин өзбектер, 8,7 миңин татарлар ж. б. түзгөн. Көчүп кетүүнүн натыйжасында саны боюнча кыргыздардан кийинки орунда турган орустар 1990—1994-жж. эле 17 процентке, т. а. 918 миңден 750 миңге азайган. Көчүп кетүү боюнча экинчи орунда немецтер турган. 1989-           ж. алардын саны республикада 102 миңге жеткен. Алардын үчтөн бири т. а. 30 миңи 1991-1992-жж. Германияга көчүп кетишкен. Көчүп кетүүнүн натыйжасында Кыргызстандын калкынын улуттук составы өзгөргөн. 1993-ж. эл каттоонун маалыматы боюнча кыргыздар калктын 56,5, орустар 18,8, өзбектер —     13,5, украиндер менен немецтер 1,5 процентин түзгөн. Он миңдеген калкы бар татарлар (1,6 процент), казактар, дуңгандар жана уйгурлар (0,9 процент), тажиктер (0,8), түрктөр (0,5), азербайжандар, кореялыктар (0,4 процент) жана бир нече миң кишиден турган белорустар, еврейлер, калмактар, армяндар, грузиндер, молдавандар, поляктар, цыгандар ж. б. жашайт.

Кыргыз Республикасындагы улут аралык саясат «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» деген девиз менен жүргүзүлгөн. Кыргызстанда улут аралык мамилелерди стабилдештирүүдө 1994-ж. 21-январда өткөн Кыргызстан элдеринин Биринчи Курултайы маанилүү роль ойногон. Буга республикадагы бардык улуттардын, элдердин, социалдык катмарлардын өкүлдөрү катышкан. Курултайда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы түзүлүп, анын Уставы кабыл алынган, жетекчи органы Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Совети шайланган. 

«Кыргызстан Элдеринин Биринчи Курултайынын Кайрылуусу», «Биримдиктин, тынчтыктын жана ынтымактын Декларациясы» кабыл алынган. Азыркы мезгилде З0га жакын улуттук-маданий борборлорду баш коштурган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы улуттар аралык ынтымакташтыктын негизи катары таасирдүү форумга айланды. Кыргызстанда эл аралык ынтымакташтыкты сактап, аны өркүндөтүүдө улуттук-маданий борборлору өзгөчө маанилүү роль ойноодо. Алардын иш аракеттери мамлекет тарабынан ар тараптан колдоого алынган. Алардын өз ара биргелешип иштеши үчүн 1994-ж. 26-сентябрда Бишкекте Достук үйү ачылган. Азыркы мезгилде Кыргызстандын көп улуттуу элинин негизги максаты экономиканы чындоого, рынок мамилелерин толук өздөштүрүүгө, эл арасындагы достукту, эгемендүү, көз каранды эмес, демократиялуу, тең укуктуу мамлекетти түзүүгө жана чыңдоого багытталган.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор