ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ

27 апреля 2020

Бул багытта Кыргызстан эл чарбасынын бардык тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө аракеттенүүдө. Кыргыз Республикасы экономикалык жана социалдык байланыштарды түзүүдө да биринчи кезекте КМШга кирген мамлекеттер, өзгөчө Орто Азия жана Казакстан менен байланышты өнүктүрүүгө көңүл бурулган. 90-жж. биринчи жарымында Кыргызстандын экспорттук-импорттук байланышында Россия биринчи, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан, Тажикстан, Белоруссия андан кийинки орундарды ээлеп келген.

Кыргызстан аларга тери буюмдарды, жүндөн, пахтадан, жибектен токулган кездемелерди, килем, пахта буласын, сейрек кездешүүчү кендерди, гранит, мрамор жана керамика плиталарын ж. б. экспорттойт. Ал жактан Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды, таш көмүр, автомашиналарды айыл чарба техникаларын, кара металл, газ ж. б. алып турат.

Азыркы мезгилде Кыргызстан 40тан ашуун алыскы, 11 жакынкы чет мамлекеттер менен экономикалык, экспорттук—импорттук байланыштарды жүргүзөт. 1995-ж. кийин Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык байланыштарында өзгөрүүлөр болгон. Эгерде мурун Россия Кыргызстандын эн чоң өнөктөшү болуп келсе, азыр биринчи орунду Кытай Эл Республикасынын соодасы ээлей баштаган. Бирок Кытайдан негизинен сапаты начар товарлар көп келүүдө. Экономикалык карым—катнаштардын көлөмү боюнча Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн деңгээли бирдей болуп калды. 90-жж. экономикалык байланышта Кыргызстандын экспортуна караганда импорту басымдуулук кылган.

Ушуга байланыштуу республикага импорттолгон товарларды Кыргызстандын өзүнөн чыгаруу, экспортту кеңейтүү экономикалык реформанын негизги максаты болууда. Экономикалык реформанын жүрүшүндө импорттун ордун толтуруучу чарба тармактарын өнүктүрүү, экспортко дүйнөлүк рынокто атаандашкыдай сапаттуу товарларды өндүрүүчү базалык ишканаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул максатты жүзөгө ашырыш үчүн чет өлкөлүк инвестициялар көбүрөөк тартылууда.

Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы сыяктуу ал аралык финансы уюмдары республиканын экономикасын реабилитациялоо, жергиликтүү чийки заттардан экспортко ылайыктуу товар өндүрүүгө жөндөмдүү ишканаларды куруу багытында чоң көмөк көрсөтүшүүдө. Бул багытта кийинки учурда Азия өнүгүү банкы, Эл аралык финансы корпорациясы жана Ислам өнүгүү банкы да активдүү жардам берүүдө.

Учурда Кыргызстандын чет мамлекеттер менен биргелешип курган ишканалары, компаниялары жылдан жылга көбөйүл, иштеп жатат. Алсак, Кыргызстан менен Канадалык «Камеко» корпорациясы Ысык-Көл областындагы «Кумтөр», Талас районундагы «Жер Үй» алтын кендерин иштетип атат. Жер жана агрардык реформаны ишке ашырууда, айыл чарбасын натыйжалуу тармакка айландырууда да экономикалык байланыштар маанилүү роль ойноодо. Азыркы мезгилде Кыргызстан азык-түлүк продукциялары менен өзүн—өзү толук камсыз кыла албай жатат. Мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланган учурда республика айыл чарба продукцияларын экспорттоого толук жөндөмдүү экендиги илимий жактан далилденген. Ошондуктан Дүйнөлүк банк Кыргызстанда дан өндүрүү үчүн 60 млн доллар бөлгөн.

Кыргызстандын айыл чарбасынын негизин түзүп келген кой чарбасын реабилитациялоодо да эл аралык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулууда. Дүйнөлүк банк менен бирдикте республикада меринос кой чарбасын өнүктүрүү колго алынууда. Бирок кой чарбасын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 16 млн америкалык доллардын биринчи этапка берилген бөлүгү максатсыз, чаржайыт жумшалып кеткен. Ушуга байланыштуу кыргызстандыктар чет өлкөдөн алынган акчалар карызга берилип жаткандыгын, убагы келгенде аны проценти менен кайтарып берүү керектигин түшүнүшү керек. Эгерде 1995-ж. республиканын сырткы карызы 600 млн америкалык долларды түзсө, 2000-ж. 2 млрд доллардан ашып кетти. Адегенде берилген карыздарды төлөөнүн мөөнөтү биринин артынан бири бүтүп жатат.

Ошондуктан берилген жардамды өндүрүшкө максаттуу түрдө кайтарым болгудай деңгээлде жумшоону эстен чыгарбашыбыз абзел. Кыргызстан келечекте эл аралык рынокко жүндү, ферментацияланган тамекинин жалбырагын, пахтаны, көп жылдык чөптүн, кант кызылчасынын, гибриддик жүгөрүнүн, жашылча-бакча өсүмдүктөрүнүн уруктарын көбүрөөк экспорттоого мүмкүнчүлүктөрү бар.

Өткөөл мезгилде импорттук товарлардын санын азайтууда эркин экономикалык зоналарды уюштуруунун мааниси зор. Ушуга байланыштуу республикада Нарын, Каракол, Бишкек, Маймак эркин экономикалык зоналары түзүлгөн. Аларга чет өлкөлүк инвестицияларды кеңири пайдаланып, энергия, тамак-аш, дары-дармек, жеңил жана оор өнөр жайынын продукцияларын чыгаруу үчүн жаратылыш ресурстары менен минералдык чийки заттарды пайдалануучу технологияны кеңири киргизүүгө болот.

Эгемендүү Кыргызстандын социалдык чөйрөсү да эл аралык байланыштарды кеңейтүүдө. Бул биринчи кезекте билим берүү системасында көрүнүүдө. Азыркы кезде чет өлкөлөрдө 3 миңден ашуун Кыргызстандыктар билим алууда. 1 миңден ашуун чет элдик студенттер биздин республикада окушат. АКШнын колдоосу менен Кыргыз-Америка университети, Россиянын түздөн-түз колдоосу менен Бишкекте Кыргыз-Россия (Славян) университети, Түркиянын колдоосу менен жаңы типтеги «Кыргыз-Түрк Манас» университети ачылган. Кыргызстанда жаңы адистерди даярдоодо, өзгөчө айыл-кыштак жерлеринде билим берүү иштерин жакшыртууда Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасы (БУУӨП) тарабынан омоктуу жардам көрсөтүлүүдө. Бул программанын негизинде Кыргызстандын эл аралык университети жана Эл аралык бизнес менеджмент мектеби уюштурулган, элет жеринде бир катар мектептер курулган.

Эл аралык «Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандын жогорку окуу жайларын, өзгөчө жалпы билим берүүчү мектептерди, лицейлерди, гимназияларды окуу китептери, көрсөтмө куралдары, техникалык каражаттар менен жабдууда, окутуунун деңгээлин көтөрүүдө, педагогдордун адистиктерин жогорулатууда үзүрлүү салым кошууда. 1993-ж. түзүлгөн «Сорос-Кыргызстан» фондусунун борбору азыркы кезде 45 программа боюнча иштейт. Алар негизинен басма иштерине, студенттерге, аспиранттарга стипендия төлөөдө, окуу жайларын реформалоого багытталган. Бул фонд 1994-1998-жж. эле республиканын маданиятын көтөрүүгө 16 млн америкалык долларды жумшаган. Соңку жылдарда эле Түштүк Кореянын, Япониянын, АКШнын, Түркиянын фирмаларынын жардамы менен республиканын телефон байланышы түп—тамырынан бери жаңыланууда.

Бишкекте Кытай Эл Республикасынын жардамы менен «Достук», Түркия менен биргелешип «Ак-Кеме Пинара» мейманканалары курулуп, иштеп жатат.

Эл аралык байланыштардын өнүгүшүндө Кыргыз Улуттук китепканасы да көп эмгектерди аткарууда. Азыркы күндө анда дүйнө элдеринин 70ке жакын тилдеринде чыккан 6 млрд ашуун түрдүү басылмалар сакталат. Китепкананын фондусун толуктоодо эл аралык китеп алмашуу жолго коюлган. Кыргызстандын демилгеси менен 2002-ж. Эл аралык тоолор жылы белгиленип, ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Глобалдык тоо саммити өткөрүлдү. Анда тоолуу мамлекеттердин жана региондордун өсүп-өнүгушүнө арналган атайын чон программа иштелип чыкты. Бул форумдун биздин республикада өтүшү, ага 50дөнашуун мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышышы, өлкөбүздүн кадыр-баркын бир кыйла көтөрдү.

Кыргызстандын чет мамлекеттер менен саясий, экономикалык жана социалдык байланыштары мындан ары да өркүндөп өсө бермекчи. Байыртадан эле Улуу Жибек жолунда турган Кыргызстандын эл аралык байланыштарда ээлеген ордунун келечеги кең. Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор