Эли үчүн күйгөн Эрдоган

22 ноября 2018 Эли үчүн күйгөн Эрдоган

Баракелде дебеске арга жок. Турциянын падышасы Рэжеп Тайип Эрдоган дагы бир жолу элдик президент экенин айгинеледи. Мындан ары карай 65 жашка чыккан жаранга айына 300 доллар жөлөк пул берилет. Ошондой эле медициналык кароодон акысыз өтө алышат. Дагы өмүр бою мамлекеттин көзөмөлүндө болушат. Ушундай мыйзамга өлкөнүн ажосу колун коюп, мөөрүн басты.

Мамлекеттин экономикасы мурдагыдан ылдыйлап кеткенине карабастан, американын тескери тийген таасирине чыйрыкпастан өз элине күйгөн падышаны канча алкасаң да аздык кылат. Улуттук лидер деген калкына ак кызматын кантип кыларын Эрдоган тастыктап койду. Кыргыздар качан ушундай өлкө башчыга ээ болор экенбиз…

 

Булак: nazarnews.kg