Кыргызстан – Борбордук Азияда биолабораториясы жок жалгыз өлкө

24 апреля 2020 Кыргызстан – Борбордук Азияда биолабораториясы жок жалгыз өлкө

Республика дүйнөлүк деңгээлде “Биргелешкен биологиялык программалар” биолабораторияларын катуу контролдогон биринчи өлкө боло алат.

Өзгөчө кооптуу потогендүү микроорганизмдер менен иштеген Борбордук Азиядагы референс-лабораторияларды куруу маселеси 2017-жылдан тартып көтөрүлө элек. Кыргызстанда Алмазбек Аталбаевдин президент болуп турган учурда коомчулуктун нараазылыгынан кийин Канада менен биргеликте Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун классификациясы боюнча коопсуздуктун үчүн деңгээлиндеги өзгөчө кооптуу вирустарды сактоо жана изилдөө үчүн багытталган эл аралык биолабораторияны алгач куруудан баш тарткан, андан кийин – кыргыз-кытай карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык лабораториядан баш тарканына үч жылдан ашып кетти. Э.Гареев атындагы Бишкек ботаникалык багы эркин дем алып калган: анын аймагына кол салууну токтотушкан. Ал эми республика АКШнын коргоо ведомствосунун Биотерроризмди азайтуу боюнча агенттигинин (DTRA) колдоосу астында ишке ашып жатка расмий түрдөгү “Биргелешкен биологиялык программалар” объектилери жок мурунку советтик мейкиндиктеги дээрлик акыркы бастион (Россиядан башка) болгон.

CBEP дүйнөнүн 25 өлкөсүндө иш алып барат, максаты – эпидемиологиялык кырдаалды изилдөө, вирустардын жана жаратылыш патогендерин үйрөнүү жана лабораториялардын платформа-өлкөлөрүн бүлгүнгө учуратууга жана пандемия деңгээлине өсүп жетүүгө жөндөмдүү эпидемияларды болтурбоо. Ошондой эле, DTRAнын колдоосу астында биологиялык коркунучтарды (BTRP) төмөндөтүү. Акыркы 10 жылда мындай объектилердин саны 20дан 400гө чейин жетти жана алардын көпчүлүгү Россияга союшдаш өлкөлөрдө же кошуна өлкөлөрдө жайгашкан: алар  Казакстан, Өзбекстан, Армения, Молдавия, Грузия, Азербайжан… Россия өзү үчүн мындай кошуналыкты кооптуу деп эсептейт, ошондой эле бир нече жолу алардын кош багыты жок экендигине жана бактериялык жана вирустук курал даярдап жатпагандыгына ишенүү үчүн өзүнүн адистери референс-лабораторияларга кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү суранычы менен кайрылган. Бирок, бул суранычына баш тартып коюшкан. Азыр коронавирус пандемиясынан улам бул объектилер дүйнөгө коркунуч жаратышы мүмкүн деген талаш-тартыштар жаңы деңгээлге чыкты. Ухань вирусология институтунан чыгышы мүмкүн болгон COVID-19 жөнүндө бир катар теориялардан тышкары, азырынча төгүнгө чыгарууга мүмкүн болбогон дүйнөлүк серепчилер чөйрөсүндө жана ЖМКларда анын пайда болушуна Алма-Атадагы казак борбордук референс-лабораториясы күнөлүү болушу мүмкүн деген маалыматтар пайда боло баштады. 2020-жылдын башында казак интернет айдыңында, коронавирус пандемия статусуна ээ боло элек кезде, Казакстанда Алма-Атадагы Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун базасында 2017-жылы эле жарганаттар аркылуу бериле турган коронавирусту изилдешкен деген имиштер жашыруун булактан чыга баштаган. Казак журналисттери Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун базасында чынында окшош изилдөө жүргүзүлгөндүгү жана ушул коронавирустун штаммдардын бирин алып жүрүүчүлөр чынында жарганаттар болгондугу жөнүндө маалымат таап чыгышкан. COVID-19 жана казак коронавирус “жакын тууган” же бир эле штамм болуп саналары же жоктугу жөнүндө маалыматты биле алышкан эмес. Бирок, бул маалымат дипломаттык коомчулукта жаңы талкууларды пайда кылды. 17-апрелде Россиянын ТИМнин расмий өкүлү брифинг учурунда “кооптуу биологиялык дарамети бар инфра түзүмдөр россиянын чек арасына өтө жакын түзүлгөндүгү” кооптуу экендигин билдирген.

“... Биз чет жакта америкалык биолабораториялардын күч алуусуна көңүл бурдук. Биз Вашингтон дун аталган багытта өзүнүн жоопкерчилигине көңүл буруусун каалайт элек. Анын ичинде мурунку советтик өлкөлөрдө, ал жакта АКШнын “Коркунучту биргелешип төмөндөтүү” аскердик программасынын алкагында биотерроризм менен күрөшүү шылтоосу менен кош багыттагы биолабораториялар уюштурулуп, ишке ашырылып жатат. тактап айтканда, Грузиянын аймагында Тбилисинин четинде америка-грузин Р.Лугар атындагы коомдук саламаттык сактоо борбору иштеп жатат, биз ал тууралу көп жолу айтканбыз. Аталган лабораториялык комплекс бир катар өлкөлөрдө ушундай эле түзүлүшү менен америкалык аскердик курамына жугуштуу оорулардын жайылуусун глоаблдуу контролдоо тутуму расмий киргизилген. Ал эле эмес, колдогу маалыматтар боюнча, ал жакта ажкында эле Пентагондун жогорку жаражалуу өкүлдөрү болуп кайтышкан. Алар грузин бийлигине жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн диапозонун кеңейтүүнү сунуш кылышкан. Ал ортодо, үчүнчү өлкөлөрдөгү мындай референс-лабораторияларда америкалыктар аскердик максаттар үчүн дагы кооптуу ооруларды түрдүү козгоочуларды түзүү жана өөрчүтүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын эстен чыгарбоо керек. Биз, албетте, россиянын чек арасына өтө жакын жерде америкалыктар тарабынан коопту биологиялык дарамети бар инфра түзүмдүк калыптанып жаткан фактысын көңүл бурбай коё албайбыз. Бул теманы биз акыркы жылдары бир нече жолу көтөрүп чыктык. Болжоого мүмкүн болбогон кесепеттерге алып келе турган өзүнүн өтө кооптуу аракеттерине Вашингтондун кыжырданганын уккан жокпуз. Чынында ойлонууга убакыт келди”, - деп белгиледи Захарова.

Кыргызстанда болсо биолабораториялар жөнүндө акыркы жумаларда кыргыз интернет айдыңында жана аргасыз өзүн өзү обочолоо кулуарларында бир нече көз карашта сөз боло баштады. Кыргыз жеринде бактерияларды жана вирустарды изилдөө үчүн кыргыз-канада дагы, кыргыз-кытай дагы лабораториялары пайда болбогондугунду жөнүндө айрым лидердер пикирин, серепчилер канааттангандыгын билдиришти. Жарандар үчүн коронавирус сыяктуу атайын же кокустан жуктуруу тобокелдиги жокко чыгарылды. Башкалары тескерисинче, азыр биолабораториянын жоктугун орунсуз деп эсептешти: анткени, эгер мындай объект болсо, анда республикада ооруларга диагноз коюу, же болбосо ага каршы вакцина ойлоп табуу мүмкүнчүлүгү жакшы болмок. Мындай лабораториялар адамзатына пайдасына караганда өзөктүк курал сыяктуу коркунуч алап келет, кылдат контролдоо керек деп эсептегендер да табылды. Мындай позицияны саясат таануучу Бакыт Бакетаев карманат.

“СССР кулагандан кийин укмуштуу жол менен Молдовада, Азербайжанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана жана башка өлкөлөрдө жергиликтүү бийликке толугу менен  бай ийбеген биолабораториялар пайда болду. Келишим ал жакта болуп жаткандар тууралуу маалыматка жетүү толук эмес болгондой, ал эми лабораториянны аймагына чет элдик окумуштуулардын да кирүүсүнө мүмкүн болгондой түзүлгөн. Адамзаты вирус менен алектенүүсүнө али эрте экендиги түшүнүктүү жана дүйнөлүк деңгээлде аскердик вирусология менен такыр алектенбөө жөнүндө сүйлөшүлгөн. Ал эми азыр ири дүйнөлүк оюнчулар акыры өзөктүк куралданууга чектөө киргизүү жөнүндө келишим эле эмес, аскердик вирусологиялык изилдөөлөргө да чектөө киргизүү жөнүндө дагы керек экендигин түшүнүштү, - деп белгиледи Бакыт Кушбекович. – Адамзат цивилизациясы ага даяр эмес экендигин түшүнүүгө бакыт келип жетти. Ал келечекте вирус лабораториялык пробиркалардан чыгып кеткен учурда, ал өзгөчө кырдаалга ыкчам чара көрүүгө даяр болобу? Пандемия менен байланышкан карантиндик чаралардан кийин пайда болгон абдан маанилүү маселе экендиги анык. Анткени, адамзаты вирусологиялык коркунучтан өзөктүк согуштагыдай эле жок болушу мүмкүн”.

Анын пикири боюнча, Кыргызстан толук эл аралык деңгээлде аскердик вирусологияга каршы чыккан өлкө катары чыга алат. Казакстандын үлгүчү боюнча, ал өзөктүк сыноолорго жана өзөктүк куралга каршы чыгып, анын артынан Өзөктүк сыноолорго каршы аракеттердин эл аралык күнү пайда болду.

“Кыргызстан үчүн бул актуалдуу тема. 2010-жылы бизде ушундай эле лаборатория курууну каалашкан. Ким жана эмнеге муну уюштуруп жатканы дароо эле белгилүү болгон. Алар мага дагы келишкен, долбоорду көрсөтүп, аны Отунбаевага көрсөтүүнү сунушташкан. Мен көрсөткөн эмесмин, бирок аны ага көрсөткөн адам табылып, аны иштеп чыгууну башташкан. Тармактарда калкты биолаборатория керек деп ишендиргендер да пайда болгон. Биз тескерисинче кылдык”, - деп белгейт ал, - бизде аталган лабораторияны курууга уруксат берилбегенине бушайман болуп атабыз, биздин тегерегибиздеги Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда алар бар. Кыргызстан өзү бул идеяны көтөрүп чыгышы керек: дүйнө өкмөттөрүн вирусологиялык лабораторияларга өзөктүк курал катары мамиле кылуусуна чакырышыбыз керек. Аларды өзгөчө контролго алып, же такыр эле жоюп салыш керек. Биз кичинекей өлкөбүз, бирок биз дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнө: бир эле ЕАЭБ менен ШКУнун өлкөлөрүнө эмес, Европа өлкөлөрү, бүткүл дүйнө үчүн демилге көтөрүп чыга алабыз”.

mediaplov