Кытайга нараазыклык нотасы: тарыхчы - “ТИМдин реакциясы акылга сыярлык жана адекваттуу болду”

23 апреля 2020 Кытайга нараазыклык нотасы: тарыхчы - “ТИМдин реакциясы акылга сыярлык жана адекваттуу болду”

Тарыхчы Радик Темиргалиев казак-кытай мамилелеринин чыныгы тарыхын эске салды.

2020-жылдын 8-апрелинде кытайдын Sohu.com поталына жарыяланган “Эмнеге Казакстан Кытайга кайра кошулууга аракет кылып жатат?” деген аталыштагы макала өлкөдөгү олуттуу коомдук резонанстын себеби болуп калды. Кытайдын элчиси Казакстандын ТИМе чакырылып, ага эки мамлекеттин стратегиялык өнүгүү духунда мындай публикациялардын дал келбөө себеби боюнча расмий нараазылык нотасы айтылды.

Макалада мурунку казак-кытай мамилелерине тиешелүү түрдүү тарыхый фактылар божомолу айтылгандыктан, Биринчи президенттин фондунун алдындагы Дүйнөлүк экономика жана саясат институту тарыхчы Радик Темиргалиевдин пкирин угуп көргөн.

— Чуулгандуу материалдын автору кытай этносу (хань) казак элинин этногенезине катыштыгы бар, башкача айтканда өздөрүн кытайлардын түз урпагыбыз деп эсептеген казактардын айрым тобу бар дейт. Мындай билдирүүлөр канчалык чындыкка дал келет?

— Канчалык экенин мен билем, полуляциялык генетика жаатындагы изилдөөлөр казактар менен кытайлардын генетикалык жакындыгын тастыктабайт. Албетте, бардык адамдар бир тууган, биз баарыбыз бир энеден (“митохондриялык Ева”) жана бир атадан (“Y-хромосомдуу Адам”) тараганбыз, бирок адамдын таралышы көп доорлор илгери болгон. Ошондуктан, илимий тил менен айтканда, казактарга генетикалык жактан бардык коңшу түрк элдери: башкырлар, каракалпактар, кыргыздар, өзбектер, татарлар жана башкалар жакын.

Мындай материалдардын авторлору өзүнө белгилүү бир мифтерди жана ачык эле жалган маалыматтарды камтыган кандайдыр бир жергиликтүү түшүнүктөр жөнүндө айтып жатканы көрүнүп турат. мисалы, бизде деле казактардын арийлерден келип чыккандарына ишендиргендер бар. башкалары казактар шумерлердин тумуму болуп саналат деп ишенет. Жалпысынан, башка өлкөлөр сыяктуу эле “фольк-хистори” жанры эл арасында жашай берет жана активдүү өнүгүп келет.

Бирок, белгилей кетсем, казактардын кытайлардан тарашы тууралуу теорияны жактоочулар бизде жок. Бул факт. Бул казактардын чыныгы реалдуу жапы кызыкчылыктары жөнүндө айьып турат.

— Макалада XVIII кылымда Казакстандынаймагы Кытайдын курамына кирип тургандыгы, андан кийин Россия кошунасынын алсыздыгынан пайдаланып, биздин жерлерди күчкө салып тартып алгандыгы жөнүндө айтылат.

— Алгач Кытай ошол учурда Цин династиясы келип чыккан манжурлардын басып алуучулардын көп кылымдык кол алдында болгоннун эстен чыгарбоо керек.

Манжурлар жергиликтүү элге бой көтөрүү менен мамиле жасап, этникалык хань кытайларынын эки сорттогу абалын көрсөтүүчү түрдүү басмырлоо ченемдери иштеп турган. Тактап айтканда, манжурлар менен хандардын ортосунда нике кыюуга тыюу салынган. Албетте, кытайлар бир нече жолу башка элдин бийлөөсүнө каршы көтөрүлүп чыгышкан. Акыры XX кылымдын башында Синьхай революциясынын жүрүшүндө боштондук үрөшү ийгилик менен аяктаган.

Азыркы Кытай юридикалык жактан да өзүн Цин империясынын ишин улантуучу деп эсептебейт экендигин, тактап айткнада батыш державаларына анын карыздарын төлөөдөн баш тарткандыгын дагы белиглей кетүү керек.

Эми казак-цин мамилелерине кайрылалы. Жунгар хандыгын талкалагандан кийин, 1956-жылы цин аскерлери казактарга каршы согуш ачат. Биринчи кампаниянын жүрүшүндө Абылай хан агрессорго каршы уюштуруу иштерин ийгиктүү ишке ашырган. Бирок, 1757-жылы оор жеңилүүдөн кийин ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, жада калса өзүн убактылуу цин букарасы деп таанууга аргасыз болгон.

Бул жерде терминдердин мазмунун так түшүнүү керек. Цин императору казактарды өзүнүн империясындагы букара деп эмес, тышкы васал (вай фань) деп эсептеген. Европада мындай мамилелер протекторат деп аталган. Ошонудктан, Цин өкмөтү азыркы Алама-Ата облусунун аймагында эмес, болжол менен азыркы казак-кытай чек аралары өткөн жерде чек аралык бекемдөө тургузган.

Ошондой эле Цин империясы казак бийлерине чынында эч кандай таасир эте алган эмес. Абылай хан толугу менен өз алдынча болгон. А.И.Левшин бул тууралуу мындай деп белгилеген: “Өзүнүн кадыр-баркына ишенген ал өзүнүн маанилүүлүгү жана жүрүм-турумунун кылдаттыгы менен өзүнө жолун жолдоочуларды чебердик менен тартып турган, өзүнүн күчү менен душтандарын коркутуп, муктаджыкка жарашы өзүн бирде орус, бирде кытай букарасы деп таанып турган, а чынында такыр көз карандысыз башкаруучу болгон”.

Убакыттын өтүшү менен падышалык Россиянын бийлигинин мүмкүнчүлүг көбөйүп, алар казактын ички саясатына активдүү катышып, хан катары өздөрүнө пайдалуу талапкерлерди жылдыра баштаган. Бирок, цин бийлигинин таасири такыр токтоп калганга чейин, дайыма символикалуу гана түрдө болуп келген.

Баса, Россиянын эч кандай таасир эткен эмес. 1840-жылы казактар өздөрүнүн күчү менен Жети-Сууда үч миңдик цин аскер кошуунун талкалаган, андан кийин манжур чиновниктер казак талаалардында көз көрсөтүүдөн алыстап кетишет.

— Акырында мындай материалдардын казак-ктыай мамилелерине тийгизген таасири жөнүндө сиздин пикриңизди билейин дегем. Мисалы, айрым ата мкекндик серепчилер биздин ТИМдин реакциясы чектен тышкары мүнөзгө ээ болду, бул өз өлкөсүнүн расмий бийлигинен көз карандысыз кытай блогеринин эч кандай артыкчылыгы жок макаласы болчу деп айтып чыгышты.

— Мен бул маселеде логикага жана акылга негизделген талдоого гана таяна алам. Кептин баары макала жарыяланган Sohu.com сайты Кытайдагы беделдүү маалымат рерурсу болуп саналдагандыгында. Анын үстүнө сайт, мага бегилүү болгондой, кыйла акырындык менен кошуна мамлекеттерге аймактык дооматтарын койгон темаларды жарыялап келет. Ошентип, мурун, мисалы, мааниси жана стилистикасы боюнча окшош чагымчыл материалдар Россия менен Кыргызстанга да арналган.

Кытайдын ички маалыматтык айдыңындагы көзөмөлдүн деңгээлин эске алуу менен аудиторияны мындай маалымттар менен суугаруу кокустан болушу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келүүгө болот. Албетте, кээ бир кытай блогерлери муну менен “искусствону жакшы көргөндүктөн” алектенип жатышат десе болот, бирок ЖМКлардагы жана социалдык тармактардагы контенттерге тыкыр көзөлдүк кылган расмий түзүмдөр мындай “чыгармачылкка” көз жумуп коюусу дагы толук мүмкүн. Эмнеге алар буга жол берип жатышат, бул өзүнчө суроо.

Мунун баарын эске алуу менен, мен Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун реакциясы толук акылга сыярлык жана жеткиликтүү болду деп эсептейм.  

mediaplov