Сүйгөнүн өлтүрүп, этинен тамак жасап тараткан айым

22 ноября 2018 Сүйгөнүн өлтүрүп, этинен тамак жасап тараткан айым

Араб Эмираттарында жашаган Марокколук айым өз сүйгөнүн өлтүрүп, этинен тамак жасап, элди тойгузган деп шектелүүдө. Бул тууралуу russianemirates.com сайты жазып чыккан.

Милиция кызматкерлеринин билидрүүсүндө, айым чогуу жашаган сүйүктүүсүн өлтүрдү деген шек менен камалган. Кылмыштуу окуя болордон мурда, жети жылдан бери чогуу жашап, мамиле куруп келген жигити аны таштап башкага үйлөнөрүн билдирген. Кылмыштын чоо-жайын толук түшүндүрбөгөнү менен, офицерлер, шектүү айым сөөктүн бөлүктөрүнөн БАЭде белгилүү болгон, пловдун түрүнө окшош, эт менен күрүчтөн жасалуучу тамакты даярдаганын айтышкан. Жана ал тамакты Пакистандык куруучулар менен бөлүшкөн.

Кылмыштын бетин ачууга каза болгон жигиттин иниси жардам берген. Аджман басылмалардагы бир тууганынын сырдуу өлүмү тууралуу маалыматтар таркалган соң, толук түрдө изилдөөгө киришкен.

Аль-Айнадагы полициялар тинтүү учурунда ашканадагы блендерден адамдын тишин табышкан. Генетикалык экспертизадан бул тиш каза болгон жигитке таандык экени аныкталган соң, айым туткунга алынган.

Бул ишти жасоодо айымга курбусу жардам ьерген деп болжолдонууда. Бирок курбусу менин эч нерседен кабарым жок деп баарын терске чыгарууда.

Учурда керектүү тергөө иштери жасалууда, баары такталган соң иш сотко өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg