Кыргызстан Кытайдын аймгы болгонбу? Макалаларды териштирүү жана Кытай бийлигинин реакциясы?

23 апреля 2020 Кыргызстан Кытайдын аймгы болгонбу? Макалаларды териштирүү жана Кытай бийлигинин реакциясы?

Апрелдин башында кытайдын toutiao.com сайтында азыркы Кыргызстандын аймагы тарыхый жактан Кытайдын жери болчу деген макала пайда болот.

“Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Кытайдын курамына эмнеге кайра кошулган жок?” деген аталыштагы материал маалыматтык ресурстун сайтына 11-апрелде жайгаштырылган. Анда Хань династиясынан бери Кыргызстан миңдеген жылдардын аралыгында Кытайдын аймагы болгон, бирок Россия империя ошол жерлерге ээлик кылып кеткен деп айтылат.  

“Кыргызстан Хань династиясы мезгилинен тартып миңдеген жылдар бою Кытайдын аймагы болуп келген. Бул жерлерди өз убагында император У Ди басып алган. Цин династиясына чейин алар Кытайдын курамында болгон. 1864-жылы Россия империясы ла убакта өз басымын жоготуп койгон император Цинди империянын түндүк-батышындагы аймактан баш тартууга мажбур кылышкан. Ошондо Кытай дээрлик 510 миң квадрат километр жеринен кол жууган, ал эми Кыргызстан бүтүндөй так ошол жоготулган аймактын ичинде болгон. Чынында Кыргызстан Монголия сыяктуу байыртан Кытайдын жери болуп саналат”, - деп жазылат макалада.

Мындан бир жума мурун кытайдын башка белгилүү sohu.com порталында дээрлик ушундай эле макала жарыяланган, ал Казакстан тууралуу болчу. “Эмнеге Казакстан Кытайга кайтып келүүгө аракет кылып жатат?” деп аталган материалда азыркы Казакстандын аймагы тарыхый жактан Кытайга тиешелүү болгону, Пекин андан “жерди туура эмес бөлүштүрүүнүн натыйжасында” кол жууганы тууралуу айтылат.

Казакстанда аталган маалыматты аймактын бүтүндүгүнө коркунуч келтирүү деп баалады. 14-апрелде республиканын ТИМи Нур-Султандагы Кытайдын элчиси Чжан Сяону чакырып, мындай мазмундагы макала “2019-жылдын 11-апрелинде мамлекет башчылары тарабынан кол коюлген Казакстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен билдирүүдө чагылдырылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн түбөлүк рухуна” жооп бербейт экендигин билдирген.

Reuters агенттиги Кытайдын расмий бийлигинин бул макала жөнүндө оюн билүү максатында ушул өлкөнүн тышкы иштер министрлигине кайрылууну туура көрөт.

Кытайдын тышкы саясий ведомствосунан: “Бул макала Кытай өкмөтүнүн расмий позициясын чагылдырбайт жана эки өлкөнүн достугу эч нерсе өзгөртө албайт”, - деп жооп беришкен.

Мындан кийин sohu.com сайтындагы макала ачылбай калган. Андан эки күн өтпөй ушундай эле провокациялык макала toutiao.com ресурстуна Кыргызстан тууралуу жазылып чыкты.

ВВСнин кытай бөлүмү бул макалалар алгач кытайдын WeChat социалдык тармагына жарыяланган, андан кийин Sohu жана Toutiao сыяктуу онлайн-платформаларга жайгаштырылды деп жазат. Бул платформалар интернет-ЖМК сыяктуу эле эмес, издөө тутуму катары да иштйет деп айтылат. Кытайлар ал жерде өздөрүнүн макалаларын башка платформалардан алып жайгаштыра алышат.

17-апрелде WeChat Кытайдагы эң беделдүү мессенджеринин маалымат кызматы тиркеменин администраторлору 150нүн тегерегиндеги аккаунтту жаап, улуттук мүнөздөгү жалган контенттер үчүн жергиликтүү социалдык тармактардагы 200дөн ашык маалымат өчүрүлгөндүгү тууралуу билдирди.

twitter

Мессенджердин билдирүүсү боюнча Global Times басылмасы: “WeChat командасы “Кытайдын курамына кирүүгө ниеттенген XX (өлкө же регион)" деген бөлүмдүн ушундай эле мазмундагы 227 макаласын жана алар менен байланышкан 153 аккаунтту өчүрдү. Бул макалалардын авторлору кандайдыр бир журналисттик квалификациясы жок, кирип көрүүлөрдүн санын гана токтогондор болгон”, - деп цитата келтирген.

Ушундай эле мазмундагы материалдар Монголиянын, Вьетнамдын жана Индия менен Мьянманын айрым райондорунун аймактык бүтүндүгүнө тиешелүү болгондугу белгиленет.

Weibo сервисинин администрациясы дагы платформада жалган билдирүүлөрдү жарыялаган 1050нүн тегерегиндеги аккаунтту өчүргөн. Бул аккаунттардын жарыялары аймактык басмырлоону козгогон контенттерди камтыган деп белгиленет.

mediaplov