Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бирөө реанимацияда

22 апреля 2020 Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бирөө реанимацияда

Иликтөөнүн жыйынтыгында тартип сакчылары коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталды.

Кыргызстанда укук коргоо органдарында иштеген 12 кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, өлкөдө бир суткада 22 кишиден коронавирус чыккан.

"Акыркы маалыматтар боюнча, 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бардыгы ооруканада дарыланып жатышат. Алардын бири азыркы учурда реанимацияда. Иликтөөнүн жыйынтыгында бардыгы коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталды", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 612ге жетсе, 254ү айыкты. Коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 157си медиктер. Илдет жети адамдын өмүрүн алган.

sputnik