Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди

22 апреля 2020 Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди

Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. Болгону 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп, ага президенттин кеңешчиси Султан Раев баштаган жетекчилер катышты. 

Төкмө акын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн.

42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы калды, эки небереси калды.

sputnik