Атамбаевдин көргөн күнү не болот?

22 ноября 2018 Атамбаевдин көргөн күнү не болот?

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына 5-6 депутат мунапыс мыйзамын иштеп чыгышты. Ал мыйзам буюрса ишке киргени калды. Мунапыс мыйзамы ишке кирсе, 1000ге чукул адам эркиндикке чыгып, көптөрдүн жаза мөөнөтү кыскарат. Кудай буюрса, Бекболот Талгарбеков баштаган элдик парламенттин камакка алынган өкүлдөрү жана Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнис Карыбековдор эркиндикке чыгат.

Буюрса, Атамбаевди сындаганы үчүн камакка алынгандардын да көчөсүндө майрам болот. Адилеттик издеп, ооруп жаткандарына карабай түрмөдө ачкачылык кармагандардын оор күндөрү артта калат. Бирок, алар эркиндикке чыкканда Атамбаевдин көргөн күнү не болот? Алар өч алабыз дешип, Атамбаевдин шек жараткан байлыктарын изилдеп артынан сая түшүшпөйбү?

 

Булак: NazarNews.kg