ИИМ: “Вечерний Бишкек” Басма үйү” Икрамжан Илмияновго 1 000 000 (бир миллион) сом компенсация катары төлөп берген

22 ноября 2018 ИИМ: “Вечерний Бишкек” Басма үйү” Икрамжан Илмияновго 1 000 000 (бир миллион) сом компенсация катары төлөп берген

ИИМдин тергөө кызматы “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКка байланышкан  кыянаттык менен пайдалануу, зыянга учуратуу, документтерди жасалмалоо фактылары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Директорлор кеңешинин төрагасы А. Рябушкин кармалды. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматы коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, жасалма документтерди пайдалануу фактылары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын акционерлеринин арыздары боюнча текшерүү жүргүзүү учурунда басма үйүнүн жетекчилери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 5-февралындагы жана Бишкек шаардык сотунун аппеляциялык инстанциясынын 2016-жылдын 15-июлундагы чечимдерине ылайык “Вечерний Бишкек” Басма үйүнөн”, “Вечерний Бишкек” гизитинин редакциясынан,www.vb.kg интернет сайтынан, “Жаңы агым” гезитинин редакциясынан, “МСН” газетасынын редакциясынан, “Рубикон” жарнама фирмасы” басмаканасынан Эркин Мамбеталиевге моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом компенсация катары төлөнүп берилген.

Андан сырткары, 2015-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун сырткы чечимине ылайык “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКты моралдык зыян келтиргендиги үчүн Икрамжан Илмияновго 1 000 000 (бир миллион) сом компенсация катары төлөп берген.

Бирок, тергөөнүн маалыматы боюнча 2016-жылдын 21-октябрында “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директору М. Божокоев, А. Рябушкин-“Рубикон” жарнама фирмасы” ЖЧКнын башкы директору, ошол эле убакта “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы менен болжолдуу сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын кызыкчылыктарынан сырткары, арыз ээси Э. Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын каражатынан 1 000 000 сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Ошол учурда аталган сумма үч юридикалык жактан калыбына келтирилген. Ошол эле күнү “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын эсебинен Эркин Мамбеталиевге чыгаша ордери боюнча 1 000 000 сом накталай төлөнүп берилген. Ушунун негизинде, директор М. Божокоевдин жана “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы А. Рябушкин тарабынан жабык акционердик коомуна ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураткан.

Жогорудагы фактылардын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы 2018-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренисинин 2-бөлүмү (Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү), 221-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы), 350-беренесинин 1-бөлүмү (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 21-ноябрында “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы А. Рябушкин кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg