Коронавирус жуктуруп алган аял комадан көз жарды

20 апреля 2020 Коронавирус жуктуруп алган аял комадан көз жарды

Коронавирус илдетин жуктуруп алып, комада жатып төрөгөн келин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Американын Ванкувер шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Сориано коронавирус жуктуруп алган. Анын абалы оор жана ал кош бойлуу болгондуктан, аны дарыгерлер ИВЛ аппаратына кошушкан. Көп өтпөй кош бойлуу келин толготуп, дарыгерлер кесарево менен төрөтүшкөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайга Уолтер ысымы ыйгарылган, ал апасы дарыланып чыккыча дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Анализдин жыйынтыгы ал коронавирус инфекциясын жуктуруп албагандыгын аныктаган.

Ооруканын дарыгери билдиргендей, мисалы коронавирусту жуктуруп алган адамдарга илдеттен айыгып чыгуу, керек болсо комада жатып төрөө да мүмкүн экендигин далилдейт.

nazarnews.kg