Эмнеге Британияга караганда Россияда медицина кыйла өйдө турат?

20 апреля 2020 Эмнеге Британияга караганда Россияда медицина кыйла өйдө турат?

Лондондогу чыныгы короноворустук кырдаал жөнүндө кайгылуу пост.

Лондондо – Пасха, 25 градус, адамдар бири-биринен кооптонгону менен, бирок баары бир этияттык менен сейилдеп жүрүшөт. Баары тартипти өтө сакташат. Ошондуктан, өкмөттө калгандар тарабынан ансыз деле баары тил алып жаткан кезде катуу чараларды киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бир күндүн ичинде бир нече жолу Москвадагы досторум менен сүйлөшөм, ар бир жолу биздин кырдаалдардын ортосундагы айырмачылыкка таң калам.

Бир курбум суук тийип, тамагынын бир аз кычышканынан улам үйүнө врач чакырат. Оронуп-чулганган дарыгер келет, аны көргөн курбум андан дароо короновируска тест албагандарына абдан нараазы болот, бирок аны дарыгерлер угуп, тамагын текшерип, кеңеш берип, түрдүү ден соолукту чыңдоочу дары-дармактерди жазып беришет.

Же телеграмм окуп отурсам, ал жакта мындай кеңеш берип жатышат: өзүңөр дарыланбагыла, дарыгер чакыргыла. Мына ушул “дарыгер чакыргыла” деген сөз мени абдан таң калтырат. Каяктагы бир россиянын керектөөчүлөр биримдиги “корононага” тест алышабы?

Деги эле, силер өзүңөрдүн бакытыңарды сезбей жатасыңар.

Мунун баары биз, европа мамлекетинин борбору Лондондун жашоочулары үчүн кол жеткис кыял.

Бир мүнөткө элестетип көргүлө, силер Моксавда битирде өзүңөр жалгыз жатасыңар, 2 жумадан бери температураңар түшпөй, абдан катуу ооруп калганыңарды түшүнөсүңөр, төшөктөн тура албай, дем алуу абдан кыйын болуп, дарыгерлерден ЭЧ КИМ келбейт экенин билесиңер. Такыр. Эч качан. Силерге ооруканага келүүгө тыюу салынган, эч ким эч кандай акчага өпкөнүн компьютердик томографиясын тартып бербейт. Силер өмүрүңөрдөгү эң коркунучтуу рулетка оюнун ойноп жатасыңар – дем ала албай, абдан кыйналып өлөсүңөр, же организмиңер (эч кандай медицинанын жардамы жок эле) жеңип чыгат.

Телефондон уга турган бир гана сөз – ҮЙДӨ БОЛ. Сага антибиотик алып келип берүүсүн өтүнсөң да, телефондон жаздырылган үндү гана угасың – үйдө бол.

Бир англичан досум жок дегенде парацетамол алып келип, эшиктин алдына калтырып коюуну өтүнгөн. Ага дарыгерлер эч нерсе алып келген эмес. Кошуналары жардам берген.

Эч ким эч нерсе алып келип бербейт.

Бирөөнү бирөө сактап калбайт.

Жардам бербейт.

Сага эч ким кеңеш да бербейт, дары да бербейт, рецепт да жазып бербейт. Анткени, бул вируска каршы Лондондо эч кандай дары жазып бербейт. Такыр эч нерсе.

Анткени, дүйнө жүзүндө колдонулуп жаткан протокол британ салакматтыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген эмес. Ошондуктан, Англияда короновирусту эч нерсе менен дарылашпайт.

Бардык дарыгерлер – орустар, америкалыктар, кытайлар – эчак эле өздөрүнүн протоколдорун жазып, эмне жардам берет, эмне жардам бербейт экендиги менен бөлүшүп жатат. Царенконун жазган белгилери, менимче, бардык тилдерге которулган. Бирок, англис дарыгерлери айтканынан кайтпай: “Эмне менен дарылашты билбейбиз – эч нерсе менен дарылабайбыз”, - деп ачык эле айтып чыгышты. Трамп эч кандай буйрук эмес. Азитромицин менен плаквенилчи? Бул стадияда тоцилизумаб кошуу керекпи? Бул тууралуу угушкан эмес. Бекитилген эмес. Макулдашылган эмес. Өпкөнүн фиброзу болгон учурда жасалма дем алдырууга кошот, жада калса муна ушундай абалда дагы эч нерсе бербейт, болгону алар эртеден кечке жаңылыктарда айтып жаткандай, силерди ичиңерден жаткырып, организмиңер күрөшө алабы, жокпу күтүшөт.

Бардык камсыздандыруулар жокко чыгарылды.

Мен, мисалы, 20 жыл бою эң кымбат камсыздандырууга акча төлөп келгем – кандай акча болбосун, менин колумдан эч нерсе келбейт. Бардык акы төлөнүүчү дарылануулар жокко чыгарылды. Ушундай кырдаалды Россияда элестете аласыңарбы, ооруп калып, колуңурда акча туруп, “канчаакча болбосун, мени ооруканага жаткырып, дарылагыла, менин ден соолугума кам көргүлө” деп айта аласыз. Ал эми Англияда муну эч кандай акчага уюштура албайсың.

Макул, “корона”. Бардык медициналык мекемелер ушул вирус менен ооругандар үчүн кайра өзгөртүлүп жабылган.

Эгер сенин тишиң ооруп жатса, согуш жүрүп жаткандагыдай жип менен тишиңди өзүң сууру. Бир дагы врач бүтүндөй Лондондо катуу тишип ооруп жатканды да кабыл албайт. Аппендицит деп күмөн саноо болсо – мындай сөздү уккан эмеспиз, балким, өзү өтүп кетер.

Бардык химиотерапиялар, пландык операциялар токтотулду, телевизордон эки баланын энесин көрсөтүштү, ал рак менен жабыркап, химиотерапия курсун өтүп жатыптыр, курс токтотулуп, эми сентябрда көз жумат.

Мундай окуялар Англияда көп, анын үстүнө бул фактыларды экрандан айтып жатышат, алардын арасында тааныштар да бар.

Дагы бир жүрүктү муздаткан окуя: медайымдын унаасы менен кагышып, эсин жоготкон кишини ооруканага алып келет. Бул киши буга чейин 3 жума бою ооруп жаткан, медайымга айтып жетишет, башында чыдап, кийин ооруканага алып кетүүсүн суранган, аны алып кеткени эч ким келген эмес – бул 2020-жылы болгон окуя, европа мамлекетинин борбору! Акыркы күчүн топтоп, унаасына отуруп, өзү ооруканага жөнөгөн. Унаада эсин жоготуп, медайымдын унаасына урунат. Медайым аны өзүнүн унаасына отургузуп, өзү иштеген ооруканага алып келет, эсин жоготкон киши 4 сааттан кийин көз жумат. Анын ВВС каналынын таңкы берүүсүндө ушул аты белгисиз адамды эскерип, кофе ичишет. Ушул 3 жуманын аралыгында эмнеге аны эч ким дарылаган жок, эмнеге эртерээк орууканага жаткырып, дарылаганга аракет кылган жок деген ой эч кимдин оюна да келбейт. Ал 60 жашта болчу, анын башка ээрчиген оорулары жок эле.

Мен сенин атыңды билбейм, бирок эгер сенин жаның ушул жерде болсо, сен мен үчүн англис стоицизминин аты жок баатыры жана англис медицинасынын курмандыгы экениңди бил, сенин жалгыздыгыңа жана акыркы күндөндүн өтө жаман болгондугуна карабай, сени жоктоп ыйлаган жана сени эстеген адам бар экенин бил...

Алар өздөрүнүн министрин парацетамол берип, кандагы абанын жыштыгын текшербей, анын өпкөсүн эки тараптуу жабыркоого жеткирип, үйүндө кармашкан.

Алар эмне кылышты билбейт.

Ошондуктан, бул жактагылар бейшемби күнү чыгып, кол чабашканына менин күмөнүм бар. Медайымдар менен дарыгерлерге абдан боорум ооруйт, алар өздөрүнүн өмүрүн, жакындарынын өмүрүн тобокелге салып жатат, бирок биз эмнеге кол чаап жатабыз? Сени ооруканага өлүү үчүн алып кетишкенинеби?

Силерди ооруканага болгону үйдө өлүктөрдүн санын көбөйтпөш үчүн гана алып кетишет, ал жакта деле эч кандай каражат бербейт. Эгер 60 баштан ашып, күчөтүүчү фактор болгон кандайдыр бир өнөкөт ооруң бар болсо, анда ооруканада сени реанимацияга жаткырууга аракет кылышпайт, ошого макул деген документке кол коюп бер деп кыйнашат. 68 жаштагы астмасы бар аялга 4 жолу ушундай документ алып келип, кол койдурууга аракет кылышкан, ал такыр макул болбой, акыры ооруну жеңип чыккан.

Ооруканаларда күн сайын миңдеген кишилер өлөт, ооруканага түшкөндөрдүн ичинен 90%ы көз жумуп жатат, анткени алар өтө оор абалда түшүп жатышат. Дагы миңи жөн гана үйүндө дарылоосуз каза болуп жатат. акыркы стадиясында гана ооруканага жеткендерди тесттен өткөрүп жатышат.

Ооруканага адам болбой тургандарды гана кабыл алышууда.

Башкача айтканда, жеткиликтүү болуш үчүн: ооруканаларда алар дарылашпайт, алар болгону өлүшү үчүн кабыл алышат. Акыркы мүмкүнчүлүк берип, аппарат менен дем алдырышып, бирок адамды андан эрте эле ажыратып, балким организм өзү жеңип чыгар деп таштап коюшат. Анткени, мында эч кандай тажрыйба жок. Протоколдор арасында эч кандай тажрыйба алмашуу жок.

Биздин олигархтардын баары кетип калышты, жада калча Россияны жаман көргөндөр да кетишти, россиянын чек арасында дароо камакка ала тургандардан башкасынын баары кетишти.

Олигархтардан башкасы да кетишти.

Албетте, көптөр калып калышты – эң кайдыгерлер, тайманбагандар жана Дондондо же Англияда эбак эле орун-очок алып, үй-жайы, күчүк-мышыгы, балдары, англичан күйөөлөрү барлар гана калышты.

Аба жолдорун жаап, учуулар токтогону менен, мен билгенден эки күн мурун бир орус олигархынын учагы анын балдарын алып кетти. Алар үч күн бою кете алабызбы, жокпу деп кооптонуп отурушту. Кантсе да, алар учакка отуруп, учуп кетишти. Кутулдук деп айтып жатышты. Швеция аркылуу учуп кетишти.

Менин Москвадагы бир нече таанышым ооруп, оорудан айыгышты – белгилүү адамдар, менин жазгандарымды окугандар мен ким жөнүндө айтып жатканымды жакшы билишет, фамилияларын айтпай эле коёюн.

Москвада аларды өз убагында ооруканага жаткырып, кандын көрсөткүчтөрүн, өпкөнүн абалын текшерип, оорунун өнүгүшүп көзөмөлдөп, дарылоо ыкмаларын алмаштырып, дарылап чыгарышты! Баарын беришти – безгекке, вичке, мите курттарга, деги койчу ар бирин оорудан сактап калуу үчүн кандай гана дарыларды беришкен жок.

Достор, Саша, Елена, Ирина, Алексей жана башкалар эгер силер Англияда болсоңор, силерди эбак дарылабай, жок кылышмак.

Ошондуктан, биздин россиялык медицинага сыйынып жашап өтсө болот.

Үйдө болгула.

rubaltic