Алып коебуз! Бишкек коменданты велосипед тээп жүргөндөргө эскертүү берди

20 апреля 2020 Алып коебуз! Бишкек коменданты велосипед тээп жүргөндөргө эскертүү берди

Комендант жүйөлүү себепсиз көчөгө чыгып ойноп жүргөн балдардын велосипеди убактылуу алынарын белгиледи.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев балдарын көчөгө ойногону чыгарып жаткан ата-энелерге эскертүү берди.

Анын айтымында, күн жылыган сайын көчөдө, сквер, парктарда ата-энелер жаш балдары менен сейилдеп жүргөнү байкалууда.

“Кээ бири коляска менен, кээ бири велосипед тээп жүрөт. Ата-энелерге айтарым, балдарга акыл-насаат айтып, өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келишинче үйдө отургула. Кимде-ким санитардык норманы аткарбай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат. Мен балдар ойногусу келип жатканын түшүнүп турам, бирок мындай жол менен ооруну жеңе албайбыз”, — деди Орозалиев.

Ошондой эле ал бул вирусту жеңүүгө аз гана убакыт калганын белгилеп, эл тарабынан чыдамкайлык керектигин айтуу менен сөзүн жыйынтыктады.

sputnik