COVID-19: жеке клиникада анализ тапшыруу акысы айтылды

20 апреля 2020 COVID-19: жеке клиникада анализ тапшыруу акысы айтылды

Мамлекеттик лабораториянын базасында ишке киришкен жеке менчик лабораторияда оорулуулар менен байланышта болбогон, бирок жеке өзү үчүн анализ тапшырууну каалагандар акы төлөп текшерилсе болот.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда жеке лабораторияларда ПЦР-тест тапшыруунун баасы 2 миң сомдон жогору болорун айтты.

Андан журналисттер качантан баштап жеке лабораторияларда анализ тапшырса болорун жана анын баасы канча турарын сурашты.

"Мындай анализ тапшыруу бүгүн-эртең башталат. Жеке менчик ири лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштөөгө киришти. Бир анализ алууга кетчү чыгым 2 миң сомдон бир аз жогору болот”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 568ге жетти. Ошондой эле өткөн суткада эки адам каза таап, коронавирус аныкталып көз жумгандар жетөө болду.

sputnik