Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги

14 апреля 2020 Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги

Учурда Жумгал райондук ооруканасында дарыланып жаткандардын абалы туруктуу. Алгачкы бейтаптардын акыркы анализи таза чыкса, жакында үй карантинге чыгарылат.

Жумгалда 8-апрелде Индиядан дааваттан келгендерден COVID-19 инфекциясы аныкталган. Бүгүнкү күндө бейтаптардын саны тогузга жетти. Алар Индиядан келген эки дааватчы, Кадамжайдан келген аял, Россиядан келген бир жигит, Кызыл-Кыя шаарынан барган бир адам, Сокулук районунан барган жигит жана үч медицина кызматкери.

Жумгал райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Айнур Тентиевадан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы коронавирус жуктурган бейтаптардын учурдагы абалы жана аймактык оорукананын шарты, медиктердин даярдыгы тууралуу кабар алган. 

— Жумгал району боюнча COVID-19 жуктургандардын жалпы абалы кандай?

— Негизинен учурда 9 адам коронавирус жуктуруп ооруканада жатат. Алардын ичинен үчөө медицина кызматкери. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. Булардын эч кимисинен вирустун клиникалык белгилери байкалып, дене табы көтөрүлгөн жок. Жеңил өтүүдө. Ушуга шүгүр кылып жатабыз.

— Сиздерге бул вирус кандайча барып калды? Алгачкы бейтаптарды кантип кабыл алдыңыздар?

— Жумгалдан эки адам Индияга дааватка барышкан экен. Ошол жактан жуктуруп келишиптир. Алгач Бишкектен анализ алганда коронавирус "жок" деп чыгыптыр. Анан ал жактан бизге жиберип, биз обсервацияга жаткырганбыз. Кийин министрликтин "чет мамлекеттен келген жарандардын баарынан ПЦР-тест алгыла" деген тапшырмасы менен анализ алганыбызда гана дааваттан келгендерден COVID-19 инфекциясы табылды. Бишкектен дароо ПЦР жасалганда бул жактагы дарыгерлерге да жукпай калат беле...

— Медиктер жугузуп алганына караганда даярдык начар беле?

— Негизи анализдердин кеч чыккандыгы аябай терс таасирин тийгизип калды. Бейтаптар обсервацияда жатканда "биз тазабыз, кетебиз" деп гигиенаны сактабай, берген дарыларды ичпей, баян айтып, баш ийбей медиктердин айласын кетириптир. Бизде сактануу каражаттары, атайын кийимдерибиз бар, даярдыгыбыз жакшы эле болчу. Бирок обсервация жайларында медиктер менен бейтаптардын дааратканасы бир болуп калган учур болгон.

— Кандайча?

— Башында райондун борборундагы өкмөттүк мейманкананы обсервация кылганбыз. Себеби аймактагы дааратканасы ичинде жайгашкан, шарты жакшыраак имарат эле ошол болуп калды. Медиктер мейманкананын сыртындагы дааратканага барып жаткан. Орто жерден суу токтоп, бейтаптарды бир күн сырткы дааратканага чыгарууга туура келген. Ошондо жугуп калган окшойт деп шекшип жатабыз. Ал убакта бейтаптарда COVID-19 инфекциясы аныктала элек болчу. Алар обсервацияда жаткан.

— Азыр деле бейтаптар ошондой шартта кармалуудабы?

— Жок, азыр аймактык ооруканага которгонбуз. COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган 9 бейтапка толугу менен ылайыктуу шарт түзүлдү. Атайын бокс-палаталарга киргизилди. Эки медайым күнү-түнү көзөмөлдөп жатат.

— Учурда обсервацияда канча киши бар?

— Обсервацияда сырттан келген үч киши жатат. Бирок алардын анализи таза чыккан. Ошентсе да 14 күн кармап байкайбыз. Андан кийин анализин алып, таза болсо чыгарабыз.

— Баштапкы бейтаптар айыгып чыга турганбы?

— Индиядан келген алгачкы эки бейтаптын инкубациялык мезгили бүттү. Андан кийинки дарылануу жумасы аяктап бара жатат. Эч кандай клиникалык белгилери жок. Ушул белгиленген мөөнөт аяктаса, эки жолу ПЦР тапшыртабыз. Анализдери таза чыкса, үйлөрүнө 14 күнгө карантинге чыгарабыз.

— Медициналык коргоочу каражаттар жетиштүүбү?

— Баштагыга караганда толук камсыз болуп калдык. Бирок көп медициналык каражаттар бир жолу колдонулгандыктан улам толукташ керек болуп жатат. Негизи бир аз убакытка чейин коргонуучу каражаттарыбыз жетет. Ага чейин толуктап коюшубуз зарыл. Азыр бизге бир жолу колдонула турган халаттар, комбинезондор, көз айнектер, респираторлор керек. Мурда спирт менен респираторду тазалоого мүмкүн болчу. Азыр ал да натыйжа бербейт окшойт деген шек менен атайын каражаттарды гана колдонуу керектиги айтылууда.

sputnik