Сакалчан ырчы сахнадан сүрүлдү

21 ноября 2018 Сакалчан ырчы сахнадан сүрүлдү

Өзбекстанда ырчы жана обончу Санжар Жавбердиев мамлекеттик мекеме лицензия алуу үчүн сакалдан "арылууну" талап кылганын айтып чыкты. Кошуна өлкөдө ырчылар бир жылга берилчү лицензиясы бар болсо гана чыгармачылык менен алектене алышат.

San Jay деген сахна ысымы менен белгилүү Санжар Жавбердиевдин айтымында, мындан эки ай мурда ал лицензия алуу үчүн “Өзбекконцерт” мекемесине тиешелүү кагаздарды тапшырган.

- Директорума сакалсыз сүрөтүмдү алып келсин дешиптир. Өзүм барсам документтерди кабыл алышты. Бирок “баары бир сакалчан өткөзүшпөйт болушу керек” дешти. Андан бери эки ай өттү. Жооп алган жокмун, - деп айтып берди ырчы.

Ал ырларын теледен эмес, радиодон тартуулоого уруксат алмак экен. Бирок арызы сакалына байланыштуу четке кагылды.

“Өзбекконцерттин” директору Одилжон Абдукахоров Gazeta.uz сайтынын кабарчысы менен маекте лицензияны берип же бербөө чечимин алардын мекемеси эмес, Улуттук эстраданы өнүктүрүү жана координациялоо кеңешинин алдындагы атайын топ кабыл аларын белгиледи:

- Ал топ белгилүү Эл артисттеринен, 15 кишиден куралган. Алар аткаруучунун үнүн, талантын, ырларын жана тексттин мазмунун баалашат. Талаптарга негиздеп чечим чыгарышат, - деп түшүндүрдү Абдукахоров.

 

Кошуна өлкөдө ырчылар чыгармачылык менен бир жылга берилчү лицензиясы бар болсо гана алектене алышат.

Былтыр жайында өзбек аткаруучуларга клиптерин социалдык тармактарга жайгаштырууга тыюу салынган. Видеолорун Интернетке коерго чейин алар “Өзбекконцерттин” алдындагы Көркөм кеңештин уруксатын алууга тийиш.

Лицензия албай туруп концерт коюуга, радио же теледен чыгууга жол берилбейт.

Бийлик бул чаралар өзбек шоу-бизнесинин сапатын көтөрүү үчүн көрүлүп жатканын айтып келет.

Ал эми сынчылар жаңы тартип артисттерге жок жерден бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратарын айтышат. Айрым булактар ырчынын өтө ачык көйнөк кийгени, пахта терүүгө барбай койгону үчүн же башка шылтоо менен «Өзбекконцерт» лицензиясын тартып алган учурлар тууралуу жазып келишет.

Алсак, жакында эле Шахло Ахмедова деген ырчы лицензиясынан ажыратылды.

Мекеменин басма сөз кызматы «Артисттин «Летние дожди» ( "Жайкы жамгыр") деген клибинде кыз-жигиттин мамилеси "өтө эле ачык" көргөзүлгөн, улуттук менталитетке, жалпы улуттук баалуулуктарга жана чыгыш адеп-ахлагына туура келбейт» - деп комментарийледи.

Шахло Ахмедованын клиби бир да жолу өзбек каналдарынан көргөзүлгөн эмес. "Ютубга" 8-ноябрда жайгаштырылган видеону бүгүнкү күнгө чейин 300 миңдей киши көрдү.

Чектөөлөр тууралуу сөздү улантсак, былтыр өзбек бийликтери жергиликтүү ырчыларга чет элдик чыгармалардын римейктерин же араб, орус, түрк, англис ж.б. башка тилдерден өзбекчеге которулган ырларды аткарууга тыюу салышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

 

 

дагы: azattyk.org, фото-azattyk.org