Гүленди экстрадициялоого себеп жокпу? Дин аалымынын тарапташынын пикири

21 ноября 2018 Гүленди экстрадициялоого себеп жокпу? Дин аалымынын тарапташынын пикири

Анкара 83 мамлекеттен дин аалымы Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун 452 жактоочусун өткөрүп берүүнү талап кылууда.

 Түркия эки жылдан бери оппозициячыл дин аалымы Фетхуллах Гүленди АКШдан экстрадициялоого себеп боло турган бир дагы негиздеме бере алган жок. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Гүлендин тарапташы, Alliance for Shared Values ("Жалпы баалуулуктар альянсы") кыймылынын жетекчиси Альп Асландоган билдирди. 

Ал Гүленди өз өлкөсүнө берүү боюнча аракеттер башталганы тууралуу маалыматы жок экенин кошумчалады.

"Биздин так билгенибиз — Түркия ушул убакка чейин дин аалымын экстрадициялоо боюнча АКШ өкмөтүнө бир дагы аргумент келтирип бере алган жок", — деди ал.

Өткөн жумада NBC телеканалы жеке булактарына таянып, АКШ Гүленди өлкөдөн чыгаруу жол-жоболорун карап жатканын айтып чыккан. Көп өтпөй Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп мындай маселе козголбогонун билдирген.

Ошондой эле дин аалымынын тарапташы Гүлен мурдагы жашаган жеринен эч жакка кетпей турганын дагы айта кетти.

 

"Ушул жылдын 3-октябрында Сейлорсберг шаарындагы Гүлен жашаган үйгө белгисиз адам кирүүгө аракет кылып, кароолчу абага ок чыгарууга мажбур болгон. Бул түрк бийлиги тарабынан кылынып жаткан аракеттер болушу мүмкүн. Бирок азыр абал тынч", — деди Асландоган.

Эске салсак, Анкара 83 мамлекеттен дин аалымы Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (FETO) 452 жактоочусун өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Түркиянын бийлиги FETO уюмун 2016-жылдын июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыптап келет. Ал эми Гүлен муну сындап, көтөрүлүшкө анын жана жактоочуларынын тиешеси жок экенин билдирген.



Дагы: sputnik.kg, фото-© AP Selahattin Sevi