Кыргызстандын эли 33 адамга азая түштү

21 ноября 2018 Кыргызстандын эли 33 адамга азая түштү

Жарандык алгандардын баары этникалык кыргыздар.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча эки Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи документке ылайык, 331 адам КР жарандыгын алды. Анын 286сы — чоң адамдар болсо, 45и — балдар. Булардын баары тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени айтылат.

Ал эми экинчи Жарлык боюнча 364 адам жарандыктан чыкты. Анын 305и — чоң кишилер болсо, 59у — балдар болуп эсептелет.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Жоомарт Ураимов