Мэр: коронавирус жуктурган бишкектик таксист бала-чакасын да ооруткан

7 апреля 2020 Мэр: коронавирус жуктурган бишкектик таксист бала-чакасын да ооруткан

Борбор каалада 25 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы менен байланышта болгону аныкталган.

Бишкекте иштеген таксист коронавирус жуктуруп, мындан улам үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы ооруга кабылган. Бул туурасында калаа мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбор каалада 25 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы, 204 кесиптеши, дос, таанышы менен байланышта болгону аныкталган.

"Карантин эрежесин сактабагандардын кеспети кандай болгону туурасында бир-эки мисал келтирип кетейин. Шаарда таксист болуп иштеген киши коронавирус жуктуруп алган. Ошонун менен бирге ал жубайына, кызына, күйөө баласына жана эки небересине жуктурганын өзү да билген эмес. Башка үй-бүлөдө бир адам төрт үй-бүлө мүчөсүнө жуктурган. Мындай учурлар көп", — деди Суракматов.

Мындан улам мэр сунушталган эрежелерди так сактоого чакырды.

sputnik