Кыргызстан Европа банкынан 150 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүп жатат

7 апреля 2020 Кыргызстан Европа банкынан 150 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүп жатат

Асрандиев ушундай эле сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык финансы уюмдары менен жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 150 миллион доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бизнести колдоого каражат издөө иштери активдүү жүрүүдө. Ага эки негизги булак бар. Бири — Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду. Ал жактан 200-250 миллион доллар алуу боюнча макулдашылып жатат. Экинчи булак —донорлор.

"Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 100-150 миллион доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди вице-премьер.

Анын айтымында, бул каражаттын 50 пайызын грант түрүндө алуу пландалууда.

Асрандиев ушундай эле сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык финансы уюмдары менен жүрүп жатканын кошумчалады.

sputnik