Асрандиев: ачык айтайын, бекер акча берип, салыктан толук бошото албайбыз

7 апреля 2020 Асрандиев: ачык айтайын, бекер акча берип, салыктан толук бошото албайбыз

Вице-премьер бизнеске жардам көрсөтүүдө өкмөт реалдуу күчүн эске алып, анан эсептеп жатканын белгиледи.

Кыргызстан бюджетинин элге кайтарымсыз акча берип, ишкерлерди салыктан толук бошотууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Вице-премьердин айтымында, өлкөдө социалдык төлөмдөр убагында аткарылып турушу үчүн кошумча жеңилдик берүүгө өкмөттүн чамасы жетпейт.

“Биз башка өнүккөн өлкөлөргө окшоп бекер кредит, бекер акча берип же салыктан толугу менен бошото албайбыз. Муну ачык айтыш керек. Бизде эң негизги максат — бюджеттин эсебинен айлык, жөлөк пул, пенсия алып жаткандарга мамлекет өз убагында акча берип туруу. Бюджеттин кошумча мүмкүнчүлүгү же стабилдүү фонддору бизде, тилекке каршы, жок”, — деди Асрандиев.

Ошондой ал буга байланыштуу бизнеске жардам көрсөтүүдө өкмөт реалдуу күчүн эске алып, анан эсептеп жатканын белгиледи.

sputnik