Министр: ӨА режимин узартуу боюнча чечимди Республикалык штаб кабыл алат

7 апреля 2020 Министр: ӨА режимин узартуу боюнча чечимди Республикалык штаб кабыл алат

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу боюнча сунушту Саламаттык сактоо министрлиги берип, Республикалык штаб чечим кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

"Азырынча бир нерсе айтууга эрте. Өзгөчө абал режиминин аяктаарына сегиз күн калды. Биз эпидемиологиялык абалды карап туруп Республикалык штабга сунуш киргизебиз. Аны токтотуу же узартуу боюнча чечимди штаб гана кабыл алат", — деди Абдикаримов.

sputnik