“Адолат” партиясы Өзбекстандын ЕАЭБде байкоочу катары катышуусун жактырды

7 апреля 2020 “Адолат” партиясы Өзбекстандын ЕАЭБде байкоочу катары катышуусун жактырды

Өзбекстандын “Адолат” (“Адилет”) социал-демократиялык партиясы өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) байкоочу катары катышуусун жактырды. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Мыйзам чыгаруу палатасында “Адолат” фракциясынын Өзбекстандын ЕАЭБ менен кызматташуу маселеси боюнча отуруму өткөн. Видеоконференция форматындагы жолугушууга республиканын депутаттары, премьер-министрдин кеңешчилери инвестиция, сырткы соода, экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

“Фракциянын отурумунун жыйынтыгы боюнча депутаттар мүчө болуунун натыйжасындагы таасирлерди кошууга таянып, Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары гана кирүүсүн жактырышты”, - деп айтылат партиянын сайтындагы материалда.

Социал-демократтар өлкөнүн ЕАЭБге катышуусу биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү Өзбекстандык эмгек мигранттарынан жылына төрт-беш милларддан жети-сегиз миллиард долларга чейин акча которуулардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк берет деп болжолдошот. Мындан тышкары, ушул уюмдун алкагындагы кызматташтык республиканын энергетика тармагына жана туризм секторуна жакшы жыйынтык берет.

“Аны менен катар ЕАЭБдин негизи мүчөсү Россия (анын үлүшүнө экономикалык дараметтиндээрлик 85% туура келет) азыркы учурда эл аралык санкциялардын жана басымдын алдында турат”, - деп айтылат маалыматта.

Партиялык фракциянын маалыматы боюнча, бул Россия Федерациясынын компаниялары менен тармактары менен кооперацияга багытталган өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгзиши мүмкүн.

Партияда ЕАЭБде анын катышуучулары ортосундагы талаштарды чечүү боюнча макулдашылган эрежелер түзүлө элек.

“Жыйынтыгында ЕАЭБге (толук) мүчө болуу менен өзбек өнөр жайы (авто унаа, тамак-аш, фармацевтика жана башка) эки миллиард доллардын тегерегинде каражаттан кол жууйт”, - деп кошумчалаган маалымат кызматы.

Эске салсак, 2019-жылдын июнунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө ЕАЭБге мүчө болуу чечимин кабыл алардын мурун бардык чакырыктарын талдап чыгышы керектигин билдирген. Ушул жылдын январында мамлекет башчысы өлкөнүн биримдикке мүчө болуу маселеси парламентте кылдат каралып чыгышы керектигин айткан.

Марттын башында министрлер кабинети парламенттин эки палатасына тең республиканын ЕАЭБге байкоочу катары катышуу сунушун карап чыгуу чечимин кабыл алган. Кийинчерээк Мыйзам чыгаруу палатасында өлкөнүн уюмга катышуу маселеси боюнча жумушчу топ түзүлөт. Алгач маселе бардык республикада каттоодон өткөн беш партия тарабынан каралып чыгат, андан кийин жумушчу топ тарабынан добуш берүүгө коюулат.

ЕАЭБ –  2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштаган эл аралык интеграциялык биримдик. Биримдиктин мүчөлөрү - Россия, Армения, Беларусия, Казакстан жана Кыргызстан.

mediaplov.asia